Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:18

Айыл өкмөттөрүн шайлоого 15 миллион 343 миң сом сарпталат


БИШКЕК. 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, 27-ноябрга белгиленген №20 Аксы, №8 Түндүк шайлоо округдары боюнча Жогорку Кенештин депуттарын шайлоого жана 18-декабрда өтүүчү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башчыларын шайлоого байланышкан маселелер каралды. Анда жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде эрежелерди сактоону көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлүп, шайлоого даярдык жана аны өткөрүү иштерин көзөмөлдөп-текшерүүчү топ түзүү тууралуу да чечим кабыл алынды. Ошондой эле бул шайлоону өткөрүү үчүн жалпысынан 15 миллион 343 миң сом сарпталаары белгиленди.

18-декабрда өлкөдөгү 483 айыл өкмөтү менен шаар башкармалыктарынын 372синде жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо болот. Ал эми 2002-2005-жылдар аралыгында кайра шайлоо өткөн калган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында шайлоо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан шаршембиде кабарлашты.

XS
SM
MD
LG