Ирактын Мусаиб шаарындагы шийи мечитинин алдында кечээ күнү бомба жарылгандан кеминде 20 адам набыт кетип, дагы алтымыштай киши жараат алды. Өлкөдө кечээ күнү башка да кагылышуулар болду жана алардан 13 ирактык жаран өлүп, жыйырма бешке жакын адам жараат алды. Андан тышкары, Рамади шаарынын алдында төрт америкалык аскер курман болду, алардын экөө аскерий тик учманын кыйраганынан ажал тапты. Ал эмне үчүн кыйраганы азырынча тактала элек.