Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

ДБ канаттуулардын сасык тумоосуна каршы күрөшкө көмөктөшөт


Дүйнөлүк банк куштардын сасык тумоосуна каршы күрөшүү үчүн жарды мамлекеттерге 500 миллион доллар жардам берүүнү мерчемдеп жатат. Келерки жумада банктын катышуусу менен Женевада куштардын ылаңын жайылтпоого арналган эл аралык конференция өтөт. 2003-жылы илдет адеп катталгандан бери Азияда 62 кишинин өмүрүн алды. Индонезия канаттуулар тумоосунан дагы эки киши каза тапканын, муну менен коркунучтуу дарттан өлкөдө беш жаран көз жумганын билдирди.

XS
SM
MD
LG