Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бул ирет да негизинен мамалекеттик түзүлүш, шайлоо, сот системалары, президентти шайлоо мөөнөтү, өз алдынча башкаруу жана башка тармактарга байланыштуу Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктооолорду киргизүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.
Жыйында өлкөнүн шайлоо системасына байланыштуу парлменттик шайлоо пропорционалдык системанын негизинде жургүзүлүшү керек, президент 5 жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу деген пикирлер басымдуулук кылды. Баш мыйзамда кыргыз тили гана мамлекеттик тил деп белгилениши керек деген да көз караштар арбын болду.
Маселен, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Жумагазы Садыр уулу баш мыйзамда мамлекеттик тил катары улуттук тилди гана белгилөөнүн зарылдыгына токтолду:
- Биз бирдиктүү Кыргызстан эли болобуз десек, бир мамлекеттик тилди колдоп, кыргыз тилин үйрөнүшүбүз зарыл. Баарыбыз биригип, кыргыз тилин билбесеңер, мамлекетти башкарууга акыңар жок деп эле чыгалы. Конституцияда мамлекеттик тил катары кыргыз тили гана белгилениши керек .
Ал ошону менен бирге баш мыйзамда Кыргызстанда салттуу диндер - христиан, ислам жана башка диндер таанылат, деп көрсөтүүнү сунуштады.
Жыйында сот системасында жүргүзүлө турган реформаларга байланыштуу да ар кандай пикирлер айтылды. Бул тармактагы башкы максат катары – соттун адилеттүүлүгү жана анын элге жакындашы белгиленди.
Ал эми Жалалабат облусунун губернаторунун орун басары, «Эркиндик» партиясынын мүчөсү Камиля Талиева болсо, Конституциялык сотту жойуунун зарылдыгы тууралуу мындай деди:
- Кыргызстанда Конституциялык сот өзүн актаган жок. Бул сот өлкөгө эмес, бир гана үй-бүлөгө кызмат кылган сотко айланды. Бул чындык. Ошондуктан, Конституциялык сотту жойуу керек деп эсептейм.
Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова болсо, Конституциялык сот мындан ары да иштеши керек деген пикирде.
Кеңешмеде Элдик курултайды түзүү жөнүндө баш мыйзамга киргизүү зарыл деген пикирлер дагы бир ирет айтылды. Ошол эле учурда жыйындын айрым катышуучулары, мисалы «Бирге» жаштар уюмунун өкүлү Тимур Шайхудинов Кыргызстанда Элдик курултайды түзүү кажети жок, деген пикирин айтты. Анын көз карашында, мындай органга ар кандай деструктивдүү күчтөр да топтолуп калышы мүмкүн жана ал тарабынан парламент менен өкмөттүн ишине тоскоолдуктар түзүлүшү толук ыктымал.
Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев болсо, Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча өлкө башчысы жооптуу боло тургандыгы жөнүндө эскертип, Конституциялык кеңешме кеңеш берүүчү орган экендигин белгиледи. Ал баш мыйзамга буга чейин киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор үчүн мурдагы президент кандай жооптуу болуп, катачылыктар үчүн күнөөлөнүп жатса, азыр да Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүн мыйзам долбоорунун автору - президент Курманбек Бакиев жеке өзү жооптуу болот деп маалымдады:
- Конституциялык кеңешме кандай гана жыйынтыктарга келбесин, баш мыйзамдын жаңы редакциясы үчүн саясий жана юридикалык жактан жоопкерчилик мыйзам долбоорунун автору, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевге жүктөлөт. Биз бул жөнүндө унутпашыбыз керек.
Жыйындын соңунда президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү учурда тигил же бул бийлик бутагынын башында турган адамдарга байланыштырылбашы керек деген пикирин айтып, бир катар маселелерге токтолду:
- Азыр биз баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аны Бакиев, Кулов, Баекова же башка бирөөлөрдүн ысымдары менен байланыштырбасак. Анткени, биз баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөткө эмес, узак мөөнөткө киргизишибиз керек. Мен эми айрым маселелер боюнча токтоло кетейин. Биз улуттук тилге чындыгында эле өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бирок ошону менен бирге биз башка эл аралык тилдердин орду жөнүндө да унутпашыбыз керек. Мамлекеттик башкаруу системага байланыштуу айтсам, мен мурдагыдай эле президенттик-парламенттик система азыр бизге ылайык деп ойлойм. Бул эми чындыгында биздин тандемге да байланыштуу болуп жатат. Анткени, мурда мен чындыгында эле президент өкмөттү башкарышы керек деп эсептейт элем. Эми мындай башкарууну биз 2010-жылдан кийин киргизсек болот. Сот системасы бизде адилет болууга тийиш. Биз эми 10-ноябрга чейин дагы кеңешебиз. Убакыт дагы бар. Элдик талкуудан кийин дагы бир ирет чогулабыз. Мурдагыдай бекинип, чечимдерди кабыл алып койуу болбойт, андан чочулабаңыздар.
Курманбек Бакиев ошону менен бирге өлкөдөгү шайлоо системасына, аймактык түзүлүшкө байланыштуу маселелер боюнча өзгөртүүлөр менен толуктоолор Шайлоо кодексине жана башка мыйзамдарга киргизилиши керек деген пикирин айтты.