Талкууга өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, бийликтин, базанын тегерегиндеги айылдын тургундары жана “Манас” аскердик базасынын өкүлдөрү катышышты. Жыйын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов жетектеген “Евразия” эл аралык фонду жана бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулду. Жыйындын катышуучулары Ооганстандагы антитеррордук операциялардын активдүү бөлүгү аяктагандыгын жана аскердик базанын учактары абадан төккөн күйүүчү майдан Кыргызстандын жаратылышы жабыр тартып жаткандыгын белгилешти.
Алгач сөз алган Аскар Айтматов буларга токтолду:
- Биздин эксперттердин айтымында, аскердик база өлкөнүн жаратылышына тескери таасирин тийгизүүдө. Аскердик учактар тарабынан миңдеген тонна күйүүчү май төгүлөт.Бул өз мезгилинде жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү оорулардын пайда болушуна алып келүүдө. Ошондой эле жүздөгөн гектар жерлер жана жер-жемиштер зыянга учурап жатат.
Андан кийин “Манас” аба майданына жакын жайгашкан Достук айылынын тургуну Валентина Попова буларды белгиледи:
- Ал жерде абадан тынбай күйүүчү май төгүлүп жатат. Натыйжада биздин бак-шак, жер-жемиш тигилген жер участокторубуз зыянга учуроодо. Мындай көрүнүш өз мезгилинде жергиликтүү атуулдардын рак оорусуна чалдыгуусуна алып келүүдө. Өткөн жылы эле рак оорусу менен он алты адам каза болду.
Ал эми өзүн “эксперт” деп тааныштырган Сыргак Абдылдаев аттуу атуул аскердик база өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч алып келүүдө деп, ага мындайча жүйөө келтирди:
- Биздин аймакта “Ганси” аскердик базасын жайгаштыргандан тарта Кыргызстан эл аралык террордук уюмдардын тизмесине түшүп калды. Ушундан улам бизге аскердик база керекпи же керек эмеспи деген суроо туулат.
Ошол эле мезгилде жогорудагыдай пикирлерге “Манас” аскердик базасынын эксперти Төлөмүш Тууганбаев каршы пикрин билдирди:
- Эгерде аскердик база бул жерден чыгарылып кете турган болсо, Кыргызстан эле эмес жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн. Эсиңерде болсо керек, он биринчи сентябрга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасында Усама бин Ладендин жардамы менен 40 миңге жакын согушкерлер топтолгон. Алар өздөрүнүн таасирин Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын аймагына жайылтуу максатын коюшкан. Ушул өңүттөн алганда аскердик базаны алып чыгып кетүү зарылб, жокпу деген суроого өзүнөр эле жооп бергиле.
Төлөмүш Туганбаев ошондой эле ал АКШ аскердик базасы турганы үчүн Кыргызстанга өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу жардам берип жаткандыгын, бул өлкө менен мамилени бузуп алуу Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн пайдасыз экендигин кошумчалады.
Аскерий база өкүлүнүн айтымында, 2002-жылы жергиликтүү атуулдарын арызынын негизинде курамына мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, мурдагы коргоо министри Эсен Топоев жана башка министрлер кирген атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия аскер базанын жаратылышка тийгизген таасирин бир нече ай бою иликтеп, аскердик базанын учактары өлкөнүн жаратылышына эч кандай тескери таасирин тийгизбейт, деп бүтүм чыгарып берген. Ошентип эл аралык аскердик базанын Кыргызстандын аймагына туруусуна уруксат берилген.
Буга байланыштуу «Азаттыктын» кабарчысынын «эмне үчүн сиз убагында жогорудагыдай бүтүм чыгарып, учурда кайрадан аскердик базаны өлкөдөн чыгарып кетүү демилгесин көтөрүүдөсүз?» - деген суроосуна Аскар Айтматов жооп берүүдөн баш тартты.