Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Аксылыктар президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылышты


БИШКЕК. 9-ноябрда Аксы районунун Терс айлында беш жүз адам катышкан нааразылык иш чарасы өттү. Анын катышуучулары Курманбек Бакиев баштаган аткаруу бийлигинин кадр саясатына нааразылыктарын билдиришип, Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Ошондой эле алар жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу кабыл алышты:

- Биз аксылыктар президент Курмабек Бакиевден Конституциялык реформаны тез арада жүргүзүүнү жана коомдук саясий кырдаалды оңдоого өзүнүн шалаакылыгы, мамлекетти башкарууга жөндөмсүздүгү үчүн Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз, - деп билдирди Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын учурда Аксыда жүргөн орун басары Кубаныч Маматкеримов.

Бул тууралуу Аксы райондук акимчилигинин атын атагысы келбеген өкүлү башкача маалымат берди. Анын айтымында, мындай митингке элүүгө жакын адам катышты.

 

XS
SM
MD
LG