Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

КОФИ АННАН КҮТҮҮСҮЗДӨН ИРАККА КЕЛИП КЕТТИ

Нарын АЙЫП, Прага 12-ноябрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан күтүүсүздөн Багдадка келип кетти. Өлкө жетекчилери менен жолугуп, ал өлкөнү улуттук биримдикке чакырды жана жакында Мисирде өтөөрү белгиленип жаткан эл аралык конференцияга колдоо көрсөттү.

Акыркы күндөрдө Иракка бир топ белгилүү саясатчы келип кетти - 10-ноябрда Багдадка Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро, андан соң 11-ноябрда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, анын эртеси болсо, 12-ноябрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан келди. Үч саясатчы тең өлкө жетекчилигине жана Ирак элине кайрылып, аларды биримдикке чакырды.

Анын алдында, 20-октябрда Иракка Араб лигасынын баш катчысы Амр Муса келип, өлкөнүн ар башка улуттук жана диний азчылыктарын бири-бири менен элдештирүү максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Мисирде ири эл аралык конференция өткөрүүнү сунуштаган. Кофи Аннан дагы ал идеяны колдоду.

Акыркы мезгилде Иракта диний араздашуу күчөп баратат жана ишке ашырылып жаткан улам жаңы террор аракетинин артында сунни мусулман уюмдары турганы жөнүндө айтылууда. Азчылыкта болгону менен президент Саддам Хусейндин мезгилинде бийликте суннилер турган жана акыркы шайлоо учурунда алардын бир топ уюмдары добуш берүүгө катышпай койгон. 15-декабрда болсо Иракта жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана суннилер аны бойкоттошу мүмкүн деген маалыматтар да бар.

Ошондуктан Кофи Аннан Ирак элин жана өкмөттү биримдикке чакырды:

- Өкмөт менен биз - бийлик алмашуу жана саясий өзгөрүүлөрдү тынч өткөрүү багытында иштеп жатабыз жана, албетте, келе жаткан шайлоо боюнча да чогуу аракеттенүүдөбүз. Бул өкмөт менен кызматташуу үчүн бизде Коопсуздук Кеңешинин так жана ачык чечими бар. Ирак эли өз мамлекети үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, туруктуу жана тынч коом түзүүгө тийиш.

Анткен менен шийи мусулмандарынын эң ири уюмунун жетекчиси Абдул Азиз ал-Хаким Кофи Аннанга - анын уюму Мисирде өтө турган конференцияга катышууга кызыкпайт деп билдирди. Араб лигасына кирген өлкөлөр негизинен суннилерден турат, ошондуктан шийилер ага көп ишенбейт. Ирактын Сунни араб партиясы болсо 12-ноябрда атайын билдирүү таратып, америкалык жана өкмөттүк аскерлер бир нече күндөн бери Анбар провинциясында жүргүзүп жаткан аскерий чабуулун токтотсун деген талап менен чыкты. Ал эми 13-ноябрда Ирак президенти Жалал Талабани сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, 2006-жылдын аягына чейин британиялык аскерлер Ирактан чыгып кетүүгө тийиш, деп билдирди.
Куржундар
XS
SM
MD
LG