Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ШЕРИКТЕШЭКЕНИН АТАЙЫН КЕЛИШИМ МЕНЕН БЕКЕМДЕДИ


Төрөкул Дооров, Москва Дүйшөмбүдө, 14-ноябрда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Москвага ырасмий сапар менен келди. Ошол эле күнү президенттер Каримов менен Путиндин жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында “эки өлкө ортосундагы шериктештик мамилелер” келишимине кол коюлду. Шейшембиде адам укугун коргоочу бир катар эларалык уюмдар жана Москвадагы айрым өзбекстандык атуулдар өзбек элчилигинин имаратынын маңдайында пикет уюштурушту. Бирок элчиликтин өкүлдөрү алардын суроолоруна жооп беришкен жок, болгону пикеттеги 10го жакын адамды сүрөткө тартып, кайра кирип кетишкен. Ал эми өзбек президентинин сапары бүгүн жыйынтыкталып, ал эртең менен өз мекенине жөнөп кетти.

Орусия менен «шериктештик мамилелер» жөнүндөгү келишимге жетишүү өзбек президенти Ислам Каримовдун ырасмий сапарынын негизги максаты болчу. Путин да, Каримов да ага кол коюуга даяр экендиктерин жолугушуунун биринчи мүнөттөрүндө эле ачык даңазалашты.

Ал эми бул максат ишке ашкандан кийин Путин келишимдин башкы маанисине мындайча токтолду.

- Суверендүү мамлекеттер үчүн союздаштык – бул мамилелердин эң ишенимдүү даражасы. Аталган келишим биздин жумурияттардын кызматташтыгын бекемдеп, ич-ара биргелешкен аракеттерди күчөтөт. Орусия менен Өзбекстан региондо тынчтык жана өнүгүү болушу үчүн ресурстарын, күчүн жана чоң гуманитардык потенциалын колдонушат.

Ал эми өзбек президенти, эң ириде, ырасмий Москва Ташкент менен бул кадамга барууга макулдугун бергенине ыраазы экенин билдирди.

- Биз, Өзбекстанда, ким менен биздин кызыкчылыктар кесилишип, ким менен келечегибизди курууга болоорун дагы бир ирет так аныктадык. Анан, эң башкысы, маанилүү бир чындыкты түшүндүк, Орусия биздин ишенимдүү тирегибиз жана шериктешибиз болуп келген жана боло берет.

Аналитиктердин айтымында, чынында эле, эки президент кол койгон «союздаштык келишиминин» мааниси өзгөчө. Анткени, ага ылайык, эки өлкөнүн бирөөсүнө кай бир үчүнчү тарап кол салса, экинчи өлкө жардамга келет. Андан сырткары, келишимде айтылгандай, эки мамлекет, эгер ушундай зарылчылык чыгып калса, бири-бирине өздөрүнүн аскерий базаларын колдонууга беришет.

Келишимдин канчалык деңгээлде маанилүү экенин анын геосаясий түзүлүштү өзгөртө алаарынан эле сезсе болот, деп эсептейт «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген Алексей Мухин, Москвадагы Саясий маалымат борборунун аналитиги.

- Бул келишимдин ишке кире баштаганы Орусия менен АКШ ортосундагы карама-каршылыктын уланып жатканынан кабар берет. Орусиянын шериктештери көбөйсө, Кошмо Штаттардыкы азаят, же тетирисинче, АКШныкы көбөйсө, Орусия өнөктөрүнөн айрылат. Жалпылап айтканда, постсоветтик мейкиндикте эки чоң мамлекеттин ортосунда «аркан тартмай» уланууда. Муну мен «аймак үчүн согуш» деп атайт элем. Бул «согушта» экономикалык жана саясий факторлорду колдонуп, максатына жетүү аракети улам эки ири мамлекет ортосунда алмашылып турат.

Ал эми дагы бир москвалык саясий эксперт Юрий Ханжин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Өзбекстан май айындагы Анжиян окуяларынан кийин колдоону бир гана Орусиядан табаарына көзү жетти. Ошол эле учурда, Орусия үчүн да бул жагдай глобалдык масштабдагы пландарын ишке ашырууга жакшы мүмкүнчүлүк берип турат.

- Орусия атайылап эле постсоветтик аймакта диктатордук режимдерди колдоп жатат, анткени муну менен ал региондо өзүнүн таасирин сактап кала турганына ынанды.

Орус президентинин айтымында, былтыркы жылы Орусия менен Өзбекстан ортосунда товар жүгүртүү 1,5 млрд.долларды түзгөн, ал эми быйыл 2 млрд.доллардан аша турган болуп турат. Ошондуктан, Владимир Путин Өзбекстанды Борбор Азиядагы өтө олуттуу экономикалык өнөктөш деп атады.

Өзбекстан менен Орусия ортосундагы алакалар ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларынан кийин күчөй баштады. Анткени Анжиянда нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонгон өзбек бийликтеринин аракетин Батыш жана эларалык уюмдар кескин сынга алышса, Орусия өзбек жетекчилигинин кадамын колдоп, «Анжияндагы тополоңду ислам экстремисттери уюштурушкан» деген позицияны карманды.

Анын үстүнө, ырасмий Ташкент ушул жылы жайында өзүнүн аймагындагы америкалык аскерий базаны жаптырды.

XS
SM
MD
LG