Парламенти таратуу демилгеси март ыңкылабынан кийин дароо эле көтөрүлгөн. Көп өтпөй “Эркиндик” партиясы парламентти таратуу боюнча 150 миңден ашуун адамдын колун топтогон. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы алардын топтогон колун жарксыз деп тапкан. Андан соң аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясы бекитип берген үлгүдөгү баракчага атуулдардын колун кайрадан топтой баштаган.
Топчубек Тургуналиев 16-ноябрда “Азаттыктын” кабарчысына ал жетектеген партия мүчөлөрү парламентти таратуу боюнча 300 миңден ашуун атуулдун колун топтоп бүтүшкөндүгүн, бешинчи декабрга чейин топтолгон колдорду БШК өткөрүп беришээрин билдирди. Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарыбаевдин айтымында, 2001-жылы кабыл алынган “Референдум тууралуу” мыйзамга ылайык топтолгон колдорду БШК бир сыйра текшерип чыгып, президентке берет. Ал эми президент аталган маселени эки жол менен чечет:
- Биринчиси, президент эл койгон талапка макул болуп, референдум жарыялайт, же болбосо президент мыйзам бузулду делинген шайлоо участокторунда кайрадан шайлоо өткөрүү демилгеси менен парламентке кайрылат.
Ошондой эле президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев мамлекет башчы Курманбек Бакиев буга чейин азыркы парламент менен мөөнөтү бүткүчөктү иштей тургандыгын билдиргенин эскерип, учурда парламентти таратууга укуктук негиз жок деген оюн кошумчалады.
Ушундай эле пикирди биз менен маектешкен Жогорку Кеңештин депутаттары Эркинбек Алымбеков, Темир Сариев жана башка депутаттар айтышты.
Жогорудагыдай пикирге «Эркиндик» партиясынын мүчөлөрү макул эмес. Партия төрагасы Топчубек Тургуналиев парламентти тартууга бир нече себептер бар дейт:
- Жогорку Кеңешти таратууга бир нече себеп бар. Эгерде биз алдыга өнүгөбүз десек, өлкөдөгү бардык бийлик бутактарын толук өзгөртүшүбүз керек. Экинчиден, азыркы парламент мыйзам бузуу жолу менен келген. Ошондуктан алардын иштөөсүнө моралдык укугу жок.
Учурда өлкөдө парламентти тартууну жана таратпоону колдогон саясий күчтөр арбын. Маселен, бул боюнча «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партия башчысы Жыпар Жекшеевдин пикири мындайча:
- Бүгүнкү күнү парламентти таратуунун зарылдыгы жок. Кыргызстанда саясий туруктуулук түзүлбөй жатат. Парламентти таратуу бизге жаңыдан нааразылыктары алып келет.
Ал эми Топчубек Тургуналиев болсо, парламентти таратуу чыр-чаракка алып келбейт деген ишенимде:
- Чыр чатак болбойт. Себеби «Эркиндик» партиясы парламентти күч менен эмес, мыйзамдуу конституциялык жол менен таратууну көздөөдө. Кимде ким митинг уюштуруп, мындай аракетке каршылык кыла турган болсо, алар өздөрү Баш мыйзамды бузган болот.
Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору апта башында элдик талкууга коюлду. Ал долбоордо учурдагы президент жана парламент мөөнөтү бүткүчөктү тарабайт деп жазылган. Элдик талкуу 25-декарбга чейин улантылат. Ал эми парламенттин тагдарына байланыштуу мындай сунушка коомчулук кандай пикирин билдирээри элдик талкуудан кийин аныкталат.