Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:14

БУУнун коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Учурда Кыргызстандын чек ара аскерлери Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган адамдарды катуу көзөмөлгө алып жатышат. Бул тууралуу БУУнун аталган комитетинин өкүлдөрү менен Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары Садыр Дубанаев менен болгон жолугушууда белгилүү болду. Жолугушууда Талибан жана “ал-Каида” өңдүү террорчул уюмдар боюнча БУУнун резолюциясын аткаруу чаралары талкууланды. Генерал Дубанаевдин айтымында, 2005-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болсо да коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш жаатында мамлекет жетекчилиги болгон күчү менен аракет кылып жатты. Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук комитетинин өкүлү Ричард Баррет билдиргенге караганда, аталган коопсуздук комитет Кыргызстандын аймагына террорчулардын, курал-жарактардын жана шектүү каражаттардын киришине каршы күрөшкө жардам берет.

XS
SM
MD
LG