Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР БИРИГЕ ТУРГАН УЧУР КЕЛДИБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда Кыргызстандагы саясий партиялар өз ара биригүү жараянына байланыштуу маселени козгой башташты. 20га жакын оңчул көз караштагы саясий партия ушул жумада биригүүгө даяр экендигин жар салышты. Айрым саясатчылар партиялардын биригишин коом талап кылып жатканын, биригүү мезгили келгенин айтышууда.

Өлкөдө курч саясий кырдаал орун алган учурларда, парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында, же дагы башка олуттуу саясий жараяндар учурунда саясий партиялардын ишинде активдешүү байкалат. Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу жүрүп жактан саясий жараяндар да өлкөдөгү саясий партиялардын активдешин шарттады. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин ишине саясий партиялардын өкүлдөрү жигердүү катышышты. Алар Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр менен толуктоолор боюнча өз позицияларын билдиришти.

Бүгүнкү күндө көпчүлүк партиялардын өкүлдөрү Кыргызстандагы партиялар үчүн биригүү учуру келгендигин белгилешет. Мындай пикирин «Элет» партиясынын жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ташболот Балтабаев мындайча билдирди:

- Азыр саясий партиялар үчүн биригүү мезгили бышып жетти. Саясий партиялар өздөрүнүн көз караштарына жараша биригиши керек. Анын үстүнө, азыр Кыргызстан келечекте парламенттик башкарууга өтүшү керек деген пикирлер да көп айтылып жатат. Партиялардын биригишин азыр коом да талап кылып жатат. Биздин коом ошого муктаж.

Саясий партиялардын негизги бөлүгү 2010-жылга чейин Кыргызстан президенттик-парламенттик башкарууда болуп, 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга өтүшү керек, деген пикирди карманышууда. Алар белгилешкендей, Конституцияга беш жылдан кийин өлкө парламенттик башкарууга өтөт деп жазылса, саясий партиялар арасында биригүү жараяндары тездетилип, парламенттик шайлоого тиешелүү даярдыктар көрүлө баштайт.

Бирок айрым саясий партиялардын өкүлдөрү Кыргызстан парламенттик башкарууга азырынча даяр эместиги тууралуу айтышып, жакынкы 5-10 жыл ичинде кыргыз парламенти пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде шайланышы керек деген көз карашта. Бул тууралуу «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири Дөөлөт Нусупов мындай дейт:

- Менин пикиримде, Кыргызстан азырынча парламенттик бакшарууга өтүүгө даяр эмес. Биз дароо эле 100 пайыз пропорционалдык системага өтө албайбыз. Анткени, биздин партиялар өтө алсыз экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, биз жакынкы 10 жылда мажоритардык-пропорционалдык системанын негизинде парламенттик шайлоону өткөрүшүбүз керек. Кийин гана, шарттар туура келгенде, толугу менен пропорционалдык системага өтүп, парламенттик башкарууга өтсөк болот.

Ушул жума күнү Кыргызстандагы оңчул көз караштагы 18 саясий партия, алардын ичинде «Эркиндик», «Республика», «Эркин Кыргызстан», «Үй куруучулар» жана башка партиялар өз ара биригүү ниетин билдиришкендиги тууралуу маалымдалган. Алар 11-декабрда жыйын өткөрүп, расмий түрдө биригүүсү тууралуу жарыялашмакчы. Бул партиялар өлкөдөгү Конституциялык реформага байланыштуу маанилүү маселелер боюнча бир пикирде экендигин билдиришкен. Мисалга алсак, бул партиялар 2010-жылы Кыргызстан парламенттик башкаруудагы мамлекет болушун, орус тилинен расмий статусту алып салууну, көз карандысыз сот системасынын орнотулушун, президенттен жана депутаттардан кол тийбестик укугун алып салууну колдошот.

Орточул көз караштагы саясий партиялардын арасында да биригүү жараяндары орун алышы мүмкүн. Маселен, «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикиринде, аталган партия саясий программасы жана карманган көз караштары негизинен окшош болгон «Менин өлкөм», «Ар-намыс» партиялары менен биригиши ыктымал:

- Биздин партиянын өлкөдөгү азыркы кырдаалга карата, Конституциялык реформага байланыштуу маселелер боюнча көз карашы «Менин өлкөм», «Ар-намыс» партиялары менен бир болуп жатат. Ошондуктан, эгерде биз бириге турган болсок, ушул партиялар менен биригишибиз мүмкүн. Бирок бул партиялар менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элекпиз. Ал эми негизинен партиялар ирилешиши керек.

Өлкөдөгү саясий партиялардын өкүлдөрү баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешме тарабынан сунушталган долбоорду талкуулоого да жигердүү катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG