Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

ДЕПУТАТТЫН СУРОО-ТАЛАБЫ ЖООПСУЗ КАЛБООГО ТИЙИШ


Үстбүздөгү жылдын март айынан бери өкмөт аппаратына Жогорку Кеңештин депутаттарынан 400 гө жакын суроо-талап келип түшкөн. Мындан тышкары министрликтерге жана аткаруу бийликтерине да эл өкүлдөрү тарабынан көп сандаган кайрылуулар болот. Бирок көпчүлүк учурда мындай кайрылуулар жоопсуз калат. Бул маселе 23-ноябрдагы өкмөттүк жыйында көтөрүлдү.

Эл өкүлдөрүнөн кыргыз өкмөтүнүн аппаратына, министрликтерине жана жергиликтүү бийлик ээлерине келип түшкөн суроо-талаптардын көпчүлүгү - паспорт алуунун айланасындагы маселелерге, табигый кырсыктардын кесепеттерине, билим берүү тармагындагы мүчүлүштүктөргө жана жолдордун курулуштарына байланыштуу болот. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Мырза Капаровдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын март айынан бери бир эле депутат Арслан Малиевден 143 суроо-талап келип түшкөн.

Айрым министрлер депутаттар тарабынан келип түшкөн суроо-талаптардын көпчүлүгү министрликтин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөөрүн айтып жатышты. Чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков жарым жыл ичинде депутаттардан келип түшкөн суроо-талаптарды аткаруу үчүн керектелүүчү каражат министрликтин жылдык бюджетинен эки эсе ашып түшөөрүн айтса, каржы министри Акылбек Жапаров депутаттар өздөрүнүн укуктарынан аша чаап жатышат, деген пикирин билдирди:

- Азыркы парламенттин көпчүлүк бөлүгү өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип атышат. Кайсы мыйзамды жазабыз дегендин ордуна, бул акчаны кантип бөлөбүз, тигил акча кайда кетти деп эле, ушуга аябай кызыкдар болуп атышат.

Ал эми транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов депутаттар тарабынан келип түшкөн суроо-талаптарга өз убагында жооп берилгени менен, аларды аткарууга чама-чарк жетпей калууда дейт:

-Бизге депутаттардан кат түрүндө да, оозеки да көп суроо-талаптар келип түшөт. Биз алардын ар бири боюнча иш алып барабыз. Бирок акча каражатынын бюджетте тартыштыгына байланыштуу, айрым бир депутаттардын округдардагы өтө чоң жумуштарын аткарууга чамабыз жетпей калат. Муну биз аларга туура түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттардын койгон талаптары сөзсүз эле аткарылуусу жана суроолору жалаң оң жагына чечилүүсү зарыл эместигин белгиледи:

- Шайлоочулар бизге кайрылышат. Биз сиздерден башка кимге кайрылабыз? Кайрылганда эле баарын оң жагына чечип бергиле деген талап коюп жаткан жокпуз. Сиздерден кандай жооп келсе да, биз ошого ыраазыбыз.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров депутаттардын кайрылуулары жоопсуз калбоого тийиш экендигин айтып, бул мүчүлүштүк билим берүү тармагында көп орун алып жаткандыгын баса белгиледи.

Өкмөттүн иши тууралуу Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон мыйзамда өкмөт президенттин жарлыктары жана ЖК токтомдорун аткарат деп жазылып турат.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Мырза Капаровдун маалыматы боюнча, март айынан бери депутаттардан өкмөттүн аппаратына келип түшкөн 350 суроо-талаптардын 16сына такыр жооп берилген эмес:

- Баш мыйзамды бузуучулукка жатат. Анткени анда депутат аткаруу бийлигине суроо-талап жиберип, жооп алууга укуктуу деп жазылып турат. Кеп депутат козгогон маселени оң жагына гана чечүүдө жана талапты канааттандырууда эмес. Терс жооп дагы жооп болуп саналат. Муну министрликтер, жергиликтүү бийликтегилер баары эске алуусу зарыл.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG