Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Аксыда Азимбек Бекназаров алдыда


ЖАЛАЛАБАТ. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча жекшемби күнкү добуш берүүгө Аксы районундагы 39 миң 685 шайлоочунун 60, 24 пайзы катышты. Бюллетендерди эсептөөнүн натыйжасында, шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров көпчүлүк добуш менен утуп чыкты. Анын талапкерлигин шайлоочулардын 88,61 пайызы колдогон. Мындай маалымат 28-ноябрда №20 Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Зулумбек Төрөбековдон алынды. Төраганын маалыматы боюнча, депутаттыкка экинчи талапкер болгон убактылуу иштебеген Досалы Иманбердиев үчүн шайлоо тизмесиндеги жарандардын 10,67 пайызы добуш берди. Шайлоочулардын пикирлерине караганда, Азимбек Бекназаров 2002-жылы алты баланын өмүрүн алган Аксы окуясы боюнча ишти аягына чыгарыш керек. Ал башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийин экс-президент Аскар Акаевга карата ачылган кылмыш ишинин да натыйжасы билинбей калган. Башкы прокуратура буга чейин аталган эки кылмыш иши боюнча иликтөө улантылып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG