Мындай абак жайлардын кайсы бир өлкөдө болгону же бар экени аныкталса, ал өлкө Евросоюзда добуш берүү укугунан ажырайт, деп эскертти Еврокомиссиянын мүчөсү Франко Фраттини. Бул маселе боюнча АКШ азырынча ырасмий жооп айта элек. Террорист делинген адамдарды кармаган атайын түрмөлөр европалык өлкөлөрдө бар экенин октябрда “Вашингтон пост” гезити жазып чыккан эле.
Евросоюз өз мүчөлөрүн ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттендирди