Генерал Юрий Балуевский Москвадагы маалымат жыйынында экс-совет аймагындагы түстүү ыңкылаптарды Вашингтон активдүү колдоп жатканын айтып, муну көз карандысыз өлкөлөрдүн саясий иштерине кийлигишүү деп баалады. АКШ менен НАТО постсоветтик аймакта куралдуу күчтөрүн арттырганга умтулууда, деп айтты орус генералы. Аптанын башында Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игор Иванов да АКШ менен НАТО борборазиялык өлкөлөргө кысым көрсөтүп, региондогу кырдаалды курчутуп жатат деп билдирген эле.