Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

КОНСТИТУЦИЯГА ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУНУ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛУУДА


Аманбек Жапаров,Бишкек Коомчулукта Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Башмыйзамдын жаңы долбоору аткаруу бийлигинин кызыкчылыгына ылайыкташып, мурдакы бийликтин катачылыгын кайталашы мүмкүн дегендер да бар. Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Конституцияга парламенттик башкаруу формасын киргизүүнү сунуш кылышууда.

Айрым саясатчыларлын пикиринде, азыркы иштеп жаткан Конституция президенттик системадагы Башмыйзам. Бул системанын премьер-президенттик жана президент-парламенттик деген эки бөлүгү бар. Башмыйзам төрт жолу өзгөртүлүп президенттин ыйгарым укуктары дүйнөдө жок деңгээлге жеткен. Ушул системанын кемчиликтеринен Кыргызстан саясий жана экономикалык кризиске дуушар болгон. Бул системанын таасири тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов көз карашын мындайча билдирди:

- Бизде аралашма система деп айтып жатышбайбы. Эч кандай аралашмасы жок эле супер-президенттик система. Бул системада эл тарабынан эки субьект: биринчиси президент жана парламент шайланат. Эл тарабынан мандатты алып келген эки система бири-бири менен каршылашпай койбойт. Бул обьективдүү нерсе. Мына ошол каршылашуунун негизинде президент парламенттин эсебинен өзүнүн ыйгарым укуктарын көбөйтүүгө далалат кылат. Бул обьективдүү нерсе. Мына ошонун натыйжасында төрт жолу референдум болуп президенттин ыйгарым укуктары асманга чыккан. Ал жалаң эле Акаевдин кемчилигинен келип чыккан эмес. Бул ошол обьективдүү нерселердин негизинде келип чыккан. Экинчиси бул системада өкмөт сөзсүз түрдө эки баштуу. Бир башы президенттин алдында, бир башы өкмөттө. Мына ошонун натйжасында 11 премьер-министр алмашылды. Ал жалаң эле Акаевдин кемчилиги эмес. Ал Конституциянын мүчүлүштүктөрүнөн келип чыккан,--деди Кубатбек Байболов. Ал ошондой эле айрым депутаттар менен Конституцияга парламенттик башкаруу системасына өтүү боюнча президентке сунуш жолдой тургандыгын белгиледи:

- Азыркы иштеп жаткан Конституция өзүнүн миссиясын аткарып бүттү. Эми мындан да прогрессивдүү, элдин бийлигине багытталган парламенттик башкаруу формасына өтүүнү сунуш кылып атабыз. Бирок коомдогу туруктуулук болсун. Бийлик ыраатуулук менен алмашканга үйрөнсүн. Ошондуктан шайланып калган парламент, президент мөөнөтү бүткөнчө иштесин. Биз сунуш кылган Конституция 2009-жылы киргизилсин. Ал эми шайлоо 2010-жылы өткөрүлсүн. Бул убакыттын ичинде коом даярдансын. Партиялар башкача өзгөрүлсүн. Мыйзамдарды ошол жаңы Конституцияга шайкеш келтирели. Башкача жашоого үйрөнөлү деген сунуш болуп атат,- -деди Кубатбек Байболов.

Парламенттин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев президенттик мамлекетте же парламенттик республикада жашоо керекби, аны элдик талкууга коюш керек деген пикирде:

- Бийликтин биринчи өкүлү эл болгондон кийин, элден макулдук алып туруп ошого ылайыктуу Конституция жазылса деген максатым бар эле,--деди депутат Жантөрө Сатыбалдиев.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча президентке сунушу пайдалуу, элдик талкуунун бир жолу:

-Бул дагы Конситиуциянын долбоорун жалпы элдик талкуулоонун бир жолу. Депуттар дагыталкууга катышып калалы, президентке пикирибизди айтып калалы деген максатты көздөгөнү абдан жакшы нерсе. Канчалык көп пикир, канчалык көп сунуштар болсо президентке дагы салмактап, талдап, бир вариантка токтолгонуна жакшы болот.

XS
SM
MD
LG