Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

ПАРЛАМЕНТ М. КЕРИМКУЛОВДУ ДАЙЫНДООГО МАКУЛДУК БЕРДИ


2-декабрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине байланыштуу атайын токтом кабыл алды. Ошондой эле бул күнү 1-вице премьер-министрлик орунга Медетбек Керимкуловдун талапкерлигин бекитти. Добуш берүү жашыруун түрдө болду.

Жогорку Кеңеш 2-декабрдагы отурумун 20-октябрда №31-жаза өтөөчү жайда атып өлтүрүлгөн депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алуу менен баштады. Парламент депутаттык комиссиянын сунушун жалпысынан колдоого алды. Бирок күч органдарынын жана Адилет министрлигинин жетекчилерин жоопко тартуу тууралуу пункт депутаттардын колдоосун тапкан жок.

Комиссиянын жетекчиси Алишер Сабировдун маалыматы боюнча, Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө эң алды менен жаза өтөөчү жайлардын коррупцияланып кетүүсү, абактардагы баш аламандык, тартиптин жоктугу себеп болгон. Анын айтымында, жаза өтөөчү жайлар дайыма мамлекеттик көзөмөл алдында болууга тийиш:

-Президенттик администрациянын, коопсуздук кеңешинин жана күч органдарынын жетекчиликтери дайыма жаза өтөөчү жайлардагы абалды көзөмөлдөп туруусу керек. Айрым кесиптештер бул пунктту алып салуу тууралуу да ойлорун айтышты, бирок биз мамлекеттик органдар тарабынан абактарга көнүл буруу зарылдыгын айтып, бул пунктту көшөрүү менен өткөрдүк. Жаза өтөөчү жайларда жаткандардан кылмышкер эмес, оңдолуп-түзөлгөн адамдардын чыгуусу керек.


Парламент тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык жаңы жылдан тарта жаза өтөөчү жайлардын абалы тууралуу, бул жагдайда өкмөттүн аткарып жаткан жана аткаруучу иштери боюнча парламенттик угуулар болуп турмакчы.

2-декабрь күнкү отурумунда Жогорку Кеңеш ошондой эле 1-вице-премьер-министрлик орунга Медетбек Керимкуловдун талапкерлигин бекитти.
Медетбек Керимкулов 1-вице-премьер-министрлик орунга президент тарабынан сунуш кылынган жалгыз талапкер болду.

Отурумда сөз алган талапкер өлкөдө үстүбүздөгү жылы экономикалык жылыштар болгондугун белгилеп кетти:

-Эл чарбасынын бардык тармактары боюнча абал турукташып бараткандыгын айта кетүүбүз керек. Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөп кетүүсүнө жол берилген жок. Сомдун алмашуу курсу туруктуу бойдон калып жатат. Инфляциянын деңгээли сакталып, тышкы соода жүгүртүү көбөйдү. Ошентсе да он ай ичинде биз максат кылган натыйжаларга жетише албадык.


Көпчүлүк депутаттар ага суроо берүүдөн баш тартышты. Бирок депутат Алишер Сабиров талапкерге мындан ары алып баруучу иштери тууралуу суроо берүү тууралуу сөз козгоду:

-Келгиле, биз андан ары кантип иштейбиз? Мына ушуну сүйлөшүп албайлыбы? Кышка даярдык кандай? Мектептерде башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштуруу жагы кандай чечилет? Элдин көпчүлүгү дагы деле паспорт көйгөйүн тартып жатышат. Ушундай суроолорго жооп албайлыбы?

Алишер Сабировдун сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев четке какты. Анын айтымында, регламент боюнча тиешелүү комитет өз пикирин билдирген соң, депутаттар талкууну токтотуп, талапкерге добуш берүүнү баштай берүүгө укуктуу.

Медетбек Керимкуловдун талапкерлиги талкуусуз эле добушка коюлуп, добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү. 45 минуттук убакыттан кийин парламентте катышып отурган 61 депутаттын 58инин макулдугу менен Медетбек Керимкулов 1-вице- премьер-министр болуп бекитилгендиги белгилүү болду.

Буга чейин бул орунга Данияр Үсөновдун талапкерлиги сунушталып, парламенттин көпчүлүгү каршы чыгышкан. Депутат Темир Сариевдин сөзү боюнча, Медетбек Керимкулвду парламент ишенич менен бекитти.

1-вице-премьер-министрди бекиткенден кийин парламент Эсеп палатасынын аудиторлорун жана Жогорку Кеңештин комитет башчыларын бекитүү тууралуу маселени козгоп, бирок убакыттын тардыгынан бул маселелерди дүйшөмбү күнгө калтырды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG