БИШКЕК. 18-декабрда өтө турган жергиликтүү бийликти шайлоодо Баш мыйзам так сакталышы, добуш берүү элдин эркине ылайык өтүшү керек. Мындай талапты президент Курманбек Бакиев 5-декабрда президенттик администрациянын жыйынында койду. Борборшайлоокомдун маалыматы боюнча жергиликтүү бийликке шайлоого катышуу үчүн каттоодон 2035 талапкер өттү. Алардын 1042си өздөрүн өздөрү көрсөткөндөр, 84үн саясий партиялар көрсөтүшкөн. Талапкерлердин 156сы аялдар. Бул ирет шайлоо 369 айыл өкмөттөрү менен шаар башкармалыктарында өтөт. Калгандарында шайлоо мөөнөтү жете элек. Кыргызстанда бардыгы 483 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктары бар.