Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:17

САДДАМДЫН ТАГДЫРЫ СОТ ТАРАЗАСЫНДА


Нарын АЙЫП, Прага Багдад шаарында Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин соту уланууда жана анда биринчи күбөлөр да суракка алына баштады. Алардын айрымдарынын ысмы ачык аталбайт жана президентти соттоп жаткан соттордун да баары сыналгы аркылуу көрсөтүлбөйт.

Мурдагы президент Саддам Хусейн жана дагы жети башка адамды атайын түзүлгөн трибунал соттоп жатат, ага беш адам мүчө, бирок коопсуздук маселелеринен улам сыналгы аркылуу трибуналдын төрагасы Ризгар Амин жана дагы бир сот Раид Жухи гана көрсөтүлүүдө. Азыркы сотко он күбө чакырылган, бирок алардын экөө гана сотко ачык катышууга макул болгон, алтоонун айтымында, алардын ысымдарын атаса болот, бирок сыналгы аркылуу көрсөтпөш керек, ал эми калган эки күбө жашыруун калууну каалаган. Алардын ысымдары сотто ачык аталбайт жана жүздөрү да көрсөтүлбөйт, бирок соттолуп жаткандар менен алардын адвокаттарына бардык күбөлөрдүн аты-жөнү толук жазылып берилген.

Азыркы сот бир гана маселе боюнча жүрүп жатат. 1982-жылы Ирактын Дужейл деген шаарында президенттин өмүрүнө кол салуу болгон жана андан кийин шаар калкына каршы катаал чаралар көрүлүп, 148 адам кармалып, сотсуз өлтүрүлгөн. Эгер бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса, Саддам жана башкалар өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

5-декабрда сотто эки күбө чыгып сүйлөдү, алардын биринин айтымында, полиция түйүнүндө ал - кан болгон жана ага адам чачтары жабышып калган эт туурагыч машине көргөн. Аны менен кошо кармалгандар 70 күн бою кыйналган. Башка күбөнүн айтканына караганда, ал кездеги Коопсуздук кызматынын башчысы Барзан ал-Тикрити жардамчылары менен шаарды кыдырып, анын тургундарын кармап кетип жатканын көргөн жана алар кийин кыйналып өлтүрүлгөн.

6-декабрда сотто биринчи аял күбө чыгып сүйлөдү, анын жүзү көрсөтүлгөн жок жана сүйлөп жатканда анын үнү дагы өзгөртүлдү. Аялдын айтымында, окуя болгон кезде ал кичине кыз болчу, полиция айрым үй-бүлөлөрдү толугу менен кармап кеткен, алардын арасында колдогу балдар да болгон. Туткундар Абу Грейб абагында кармалган, бирок тергөө жүрүп жатканда аларды коопсуздук кызматында иштегендер өз имаратына алып кетип суракка алган. Сурак учурунда ар бир адам катуу кыйналчу жана анын айынын ал кыз тамак да иче албай калган. Сотто ыйлап жиберген аялдын айтымында, ал кездеги кичинекей кызды коопсуздук кызматынын беш агенти зордуктаган.

Саддам жана аны менен кошо соттолуп жаткандар бардык күнөөлөрдү четке кагууда, алардын айтымында, анча көп адамды камакта кармап турууга ал кезде Дужейл шаарында ылайыктуу имарат да болгон эмес. Саддамдын өзүнүн айтымында болсо, өлүм жазасынан ал коркпойт:


"Мен силер менен сүйлөшкөндө, силердин тууганыңар катары сүйлөйм. Иракта адамды атып өлтүрүп салуу - чарык алмаштыргандай эле оңой нерсе. Андай өлүмдөн мен коркпойм. Силер мени башынан тартып жакшы билесиңер. Мен билем, силер катуу кысым алдында иштеп жатасыңар", - деди Саддам.

Алтымыш сегиз жаштагы Саддам Иракты 1979-жылдан бери башкарган жана 2003-жылы АКШ Иракка каршы согуш баштаганда бийликтен кулатылып, ошол эле жылдын декабрында колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG