Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

ИРАКТЫН КУРДИСТАН АЙМАГЫНДА ЖАШОО ТЫНЧ


Жаныл Жусупжан, Прага Ирак 15-декарбдагы парламенттик шайлоого даярданып жатканда өлкөнүн көп жактарында зордукчул аракеттер күч алат деп күтүлүүдө. Бирок өлкөнүн түндүгүндөгү Күрдү аптоном аймагында кырдаал тынч. 2003-жылы Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийин, суни арабдары басымдуулук кылган борбордук шийи мусулмандарынын түштүк аймактарына салыштырмалуу бул жакта козголоңчулардын активдүүлүгү көп байкалган жок. Ирактык күрдүлөр өз аймагын кайра куруп, салыштырмалуу бакыбат жашоо түптөп жатышат.

Ирбил - Ирактык күрдү аймагынын борбору. Мында бирок Ирактын улуттук байрагын таба албайсың. Бардык жерде Күрдистан Аймактык өкмөтүнүн желеги желбирейт. Байрактын түсү Ирак желегиники менен бирдей, бирок үстүнөн күрттөрдүн ай-тамгасы – КҮН тартылган.

Өзгөртүлгөн желек - ирактык күрттөрдүн Ирактын түндүгүндө дээрлик көз карандысыз өздүк мамлекет куруп жаткандыгынын көп белгилеринин бири гана. Ирактын башка жактарында террордук актылардан жана башка зордукчул аракеттерден коркуп, чет элдиктер үйлөрүндө камалып жашайт, ал эми күрд жергесинде чет элдик ишкерлер куралданган жан сакчылары жок эле, көчөлөрдө ээн-эркин жүрүшөт.

Ишкерлер демекчи, алар жол салып, үй куруп, жергиликтүү өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырышууда. Башкалары Ирактын калган аймактарында жашоо тынчыса, ошол жакка өтүүнү көздөп, базасын даярдап жүрүшөт. Алардын арасында Германияда жана Европанын башка аймактарында качкын болуп жашап келген күрдүлөр аз эмес. Алар азыноолак болсо да терген-жыйган акчасын алып келип, өз мекенинде иш ачышууда. Жаңы коммерциялык имараттар курулган, Кыял шаары деп аталган байлар жашаган ооданда жаңы үйлөр түшүүдө.

Алардын көбү Европадан эки күрд аба жолдорунун учактары менен келишет. Бул каттамдар мындан болгону эки ай мурда ачылган. Экөө тең Германия менен Грециядан ижарага алынган, учкучтары менен экипажы да ошол өлкөлөрдөн, бирок аба жолдорунун аттары күрдчө - Курдистан аба Жолдору жана Саван Аба Жолдору.

Күрд тилинде "саван" "жаңы төрөлгөн" дегенди билдирет. Чынында да бул күрд элинин тарыхындагы эң тунгуч аба каттамдары.

Кава Бесарани "Саван" Аба жолдорун негиздеген күрд инвесторлорунун тобун жетектейт. Кеңсеси Лондондо жайгашкан Бесарани аба жолдорун күрддөрдүн улуттук ай-тамгасы деп эсептейт:

Мурда биз мекенибиз Курдистанга улам учак алмаштырып, көп саат жол жүрүп, машина менен эчер жер басып келчибүз. Чек араларда өтткөрбөй кармашчу, басмырлоону да көрдүк, ар полициячы паспортуң кана, кайда баратасың,, атың ким, эмне кылып жүрөсүң деп ата-жатоңон бери сурап мазени алышчу. Ушундан улам мен өз алдынча аба жолун ачуу демилгесин көтөрүп чыкккам.

Күрддөр Ирактын түндүгүндө гана эмес, чек аралаш Түркияда, Сирияда жана Иранда да бар. Өкмөттөр күрд азчылыктарын катуу көзөмөлдөп келет. Күрд аймактарында чек аралар катуу кайтарылат. Багдаддын өкмөттүк көзөмөлү бошоңдогондон кийин, күрдүлөр толук көз карандылыкка умтулабы же азыркы чектелүү өз алдынчалык менен калабы деген суроонун жообу азырынча белгисиз. Күрдистан Аймактык өкмөтүнүн парламентинин төрагасы Аднан Муфтинин сөзү боюнча, ирактык күрдүлөр жаңы федералдык Ирактын чегинде жогорку деңгээлдеги өз алдынчалыгын сактап калууну максат кылышат:

- Картаны азыр өзгөртүш жеңил эмес. Ошондуктан биз жаңыланган федеративдүү Ирак күрдүлөрүн кызыкчылыгында, биздин келечегибиз үчүн бул керек деп ойлойбуз.

Кошмо Штаттары жана Багдаддын борбордук өкмөтү Ирактын аймактык биримдигин сактап калуу керек деп эсептетешет. Өз аймагындагы күрдү сеператисттерине каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн Түркиянын өкмөтү Ирактын аймагында өз алдынча Күрд мамлекети пайда болсо, Түркиянын түштүк-чыгышында жаңжал чыгат деп эскертип келет.

Аднан Муфти Күрдистан аймагынын жетишкендиги коңшулаш мамлекеттердеги улутташтарына федерализм жана демократия үчүн күрөшүн күч алдырууга дем берет деп үмүттөнөт:

- Биз Түркиядагы, Ирандагы жана Сириядагы күрдү бир туугандарыбызга өз укуктары үчүн демократиялык жол менен күрөшүшүнө жакшы үлгү болуп жатабыз.

Күрдүлөр жана башка Ирактыктар 15-декабрда жаңы улуттук парламентти шайлашат. Жаңы парламентте Күрдистандын аймактык автономия макамына байланышкан бир катар маселелер көтөрүлөөрү турулуу. Анын ичинде күрдү аймактарында казылган мунайдын кирешесин бөлүштүрүү жана Киркук шаарын Күрдү аймагынын баш калаасына айландыруу бар. Мунайга бай Киркукту аннекциялоо аймактын экономикасын тикелөөгө өбөк болоору шексиз. Бирок буга башка ирактыктар каршы. Алардын ичинде көп улуттуу Киркук шаарын өздөрүнүн байтактысы санаган түркмөндөр да бар.

XS
SM
MD
LG