Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

«ПИРАМИДА» ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯСЫН ТАРТЫП АЛУУ АРАКЕТТЕРИ


«Пирамида» телерадиокомпаниясынын төбөсүнө үйүлгөн кара булут дагы деле таркай элек. Белгисиз адамдар 9-декабрь күнү күндүзгү саат үчтөн өтүп калган мезгилде жана түнкү саат 12ге жакын телекомпанияга күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Компания жетекчилиги «Пирамидага» жаңы бийликтин өкүлдөрү ээлик кылууну каалап жатышат деп билдиришүүдө.

«Пирамида» телерадиокомпаниясынын жетекчилиги 8-декабрь күнү Жогорку Кеңеште болгон парламенттик угууда телерадиокомпанияга президенттин уулу ээлик кылууну көздөп жаткандыгын билдирген. Ошол эле күнү компанияны коргоо боюнча ЖК депутаттарынан, укук коргоочулардан жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган атайын кеңеш түзүлгөн.

Бирок 9-декабрь күнү күндүзгү саат үчтөн өткөндө белгисиз бирөөлөр «Пирамида» телерадиокомпаниясынын имаратына күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Эки саат убакыт өтпөй, Октябрь райондук ИИБнүн кызматкерлери келип, компаниянын жетекчилери отурган имаратка кирип барышкан. Бул тууралуу «Пирамида» телерадиокомпаниясынын башкы редактору Елина Чернявская:

-Милиция формачан бир нече киши биздин жетекчилик отурчу имаратты ээлеп алууга аракет кылышты. Булардан тышкары «Пирамиданы» тартып алууга аракет кылып жаткан «Медиа инвест» уюмунун өкүлдөрү да келип, биздин иш бөлмөлөрүбүзгө милиция кызматкерлеринин жардамы менен кирип отурушту. ЖК депутаты Кабай Карабеков келип калып, анын кийлигишүүсү менен милиция кызматкерлери чыгып кетишти.

Мындан кийин бул окуя тууралуу уккан укук коргоочулар, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, телерадиокомпания кызматкерлеринин жана депутат Кабай Карабековдун өтүнүчү менен түнү бою «Пирамиданы» колдоп турушту. Бирок ошого карабай, түнкү саат 12ге жакын белгисиз адамдар тарабынан телерадиокомпанияны басып алууга аракеттер дагы жасалган. «Пирамиданын» кабарчысы Алмаш Шабданалиеванын айтымында:

-Түнкү саат 11 ден 50 мүнөт өткөндө он чакты машина келип, редакцияны курчоого алды. Андан отузга жакын чымыр денелүү жигиттер чыгып, биздин компаниянын журналисттерине жана укук коргоочуларга редакциянын имаратынан өз ыктыярыңар менен чыгып кеткиле деген талап коюшту. Бир аздан кийин милиция келди. Бирок алар эч кандай олуттуу кадам жасашкан жок. Көп өтпөй, баары чогуу тарап кетишти.


«Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасында түзүлүп жаткан мындай кырдаалга карата укук коргочулар, жарандык коом өкүлдөрү тынчсызданууларын билдиришүүдө. «Демократия жана атуулдук коом» уюмунун жетекчиси Эдил Байсалов муну жаңы бийликтин маалымат мейкиндигин көзөмөлдөөгө жасаган аракети деп баалады:

-«Пирамида» телерадиокомпаниясы эң алгачкы көз карандысыз эркин компания. Ошондуктан, биз буга аябай тынчсызданып, катуу чараларды көрүүгө даярбыз.

«Пирамиданы» коргоо кеңешинин жетекчиси, депутат Кабай Карабеков бул иш президенттин колу менен жасалып жатат деген сөзүн айтты:

-Алар эч кандай документ көрсөтпөстөн эле келишкен. Бирок өздөрү менен Октябрь райондук ИИБнын 15 кызматкерин алып келгендиги негизги далил болууда. Мен түз эле айтам: бул азыркы президенттин жүргүзүп жаткан саясаты. Анын келиши менен жеке менчикти басып алуучулук ыкма менен тартып алуу күчөдү. Эгер президент чечим кылбаса, мындай болбойт болчу.


Бирок президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасында жүрүп жаткан ызы-чууга президент Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жок деп билдирди:

-Өзүңөр билесиңер, «Пирамида» телерадиокомпаниясы жеке менчик. Ал жерде мамлекеттин эч кандай үлүшү жок. Эгер акцияларды бөлүштүрүүдө эмгек жамаатынын укуктары тебеленип жатса, анда алар сотко кайрылууга укуктуу. Баарын сот органдары аныкташ керек. Ал эми минтип жалаа жаап, курулай дооматтарды айтуу бир жагынан чагымга окшоп турат. Бул чатакка президенттин түз да, кыйыр да тиешеси жок.



«Пирамида» телерадиокомпаниясынын жамааты өз ишин улантууда. Ушул тапта компаниянын имаратында укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын, акыйкатчы институтунун жана журналисттер кошуунунун өкүлдөрү журналисттер менен бирге отурушат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG