Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:18

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН АЛТЫН КАЗЫНАСЫН КИМ ТАПКАН?


Кыргыз калкынын Борбордук Азиядагы байыркы эл деп аталышына ириде илим адамдарынын салымы зор. Хакасиядагы айтылуу «Копөн чаатасындагы алтын казынаны таап, аны илим дүйнөсүнө тааныткан адам-археолог Лидия Алексеевна Евтюхова болгон.

Кыргыз каганаты Борбордук Азиядагы даңазалуу мамлекеттердин катарына киришине өлкө калкынын биримдиги, жоо бөрүлүк жоокерчилиги, аскер өнөрү жана жаратман ишкердиги негиз берген. Орто кылым убагында аталган айырмачылыктар Кыргыз каганатынын атагын арттырса, кийин 20-кылымда алардын көөнөргүс маданиятын илим чөйрөсүнө жеткирген жана аларды ийине жеткире изилдеген академик В.В. Бартольд, археолог А. Н. Бернштам сыяктуу окумуштуулар болгон. Кыргыз тарыхын таанытууда жана анын жоголуп бараткан маданият баалуулуктарын ачууда жогоруда аталган илимпоздордой эле эмгек сиңирген адам ал –археолог Лидия Алексеевна Евтюхова саналат.

Лидия Алексееванын окумуштуулук ажарынын ачылышы Хакасиянын Копөн чаатасындагы алтын казынаны ачышына байланыштуу. Бул окуя 1939-жылдын жай айындагы Мамлекеттик тарых музейинин Саян-Алтайдагы археологиялык экспедиция маалында болгон. Археологиялык экспедицияны Л. А. Евтюхова жетектеп, “жай саратанда күн кайнап турган чакта, оор иштен жадаган археологдун күрөгү алтын идишке тийип, чаалыккан окумуштуулардын жүзүн алтынга чагылган күн нуру чайып турду”, - деп жазылган ошол кездеги жергиликтүү гезиттердин биринде. Лидия Алексеевнанын Копөн чаатасынан тапкан алтын кумара, алтын табак, баалуу металл менен шөкөттөлгөн үзөнгү, ооздуктары орто кылымдагы кыргыздын ким экендигин, алардын маданиятынын деңгээлин аныктай турган материалдык табылга кызматын аткарып келишет.


Копөн чаатасынан чыккан алтын буюмдарды жасоо ыкмасы, алардын беттерине сайма түшүрүү жолу кыргыз устачылыгынын жогорку деңгээлин көрсөтөт. Ошол эле убакта алтын идиштердин турмуш тиричиликте кеңири колдонулушу, кыргыз мамлекетинин Улуу державалык даражага жете алган дараметин далилдей алат. Лидия Алексеевнанын кыргыз темасына арналган изилдөөлөрүндө, асыресе илимпоздун негизги илим изилдөө багыты орто кылымдагы кыргыз маданиятына арналган. Бул багыттагы чарбалык жетишкендиктер, кыргыз устачылык өнөрү жана аскер иштерине байланышкан зоот чопкуттар кең-кесири талдоого алынган.


Замандаштарынын айтымында, Лидия Алексеевна Евтюхова билимге көзү каныккан, эрудициясы бай адам болгон. Кыргыз маданиятынын башатын аныктап, ага үндөш жакындыктарды баамдоо үчүн Борбордук Азиядагы калктардын эле эмес, Евразия мейкиндигиндеги калктардын археологиясын мыкты билүү зарыл.

Лидия Алексеевна аталган чөлкөм менен эле чектелип калбастан, кыргыз маданиятынын тамырын жакынкы жана алыскы коңшулары менен айкалыштыра изилдөөгө жетишкен. Л.А. Евтюхова археологдук кесиптен тышкары, ажайып сүрөтчү болгон, деп эскеришет замандаштары. Анын кыргыз маданиятына тиешелүү даректерди калем менен келиштирген келбеттери табигый буюмдай элес калтырат.


Түштүк Сибирдеги кыргыз археологиясын изилдөөдө зор салым кошкон илимпоз 1974-жылы 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG