Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

ОРУСИЯДА АДАМ УКУГУН КОРГОО КҮНҮ СОВЕТ ТУШУНДАГЫДАЙ БЕЛГИЛЕНДИ


Муса Мураталиев, Москва Орусия баш калаасында 10-декабрде адам укугун коргоо боюнче эл аралык күндү белгилөө максатында өлкөнүн Демократиялык биримдиги бир мүнөттүк тунжуроо өткөрдү. Пушкин айкелинин алдына чогулган 50дөй киши баш кийимдерин алып унчукпай туруп туруу уюштуруп, таркап кетишкен. Ал актыга катышкан таанымал адам укугун коргоочу Валерия Новодворская айтканга караганда дал ушундай жагдайда мындан 40 жыл башта советтик диссиденттер алгач ирээт ушул аянтта тунжуроо актысын өткөргөндө болгон. Саал мурдаракта Маскөөнүн борборунда «Макул эместер жүрүшү» аталышта кыймылдын отуз-кырктай кишилери Негизги мыйзам бузулуп атышына бийликтин көңүл бурдуруш үчүн колдоруна ураандар көтөрүп, бир сааттан ашуун көчөдө ары-бери басуу жазаган. Адам укугун коргоо күнүн утурлаган митингдер ошондой эле Владивосток, Самара, Санкт-Петербург жана башка ондогон шаарларда өткөн.

XS
SM
MD
LG