Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Орусия билим берүүгө көмөктөшөт


БИШКЕК. Кыргызстанда Орусиянын билим берүүсүнүн 125 жылдыгына арналган “XXI кылым – ЕврАзияда руханий кайра жаралуунун кылымы” аттуу форумдун жыйынтыгында Орусия менен жаңы шартта жалпы экономикалык байланыштарга ылайыкташкан кадрлардын жаңы муунун өстүрүү, Кыргыз улуттук университетинде Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин табигый илими боюнча жана Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин котормочулук филиалын ачуу макулдашылды. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Ишенгүл Болжурова 12-декабрда маалымат жыйынында билдирди.
Аталган форумда кабыл алынган Резолюция Евразия университеттеринин ассоцациясына билим берүү системасындагы тажрыйба алмашуу сунушу катарында жолдонот.

Кыргызстанда Орусиянын билим берүсүнүн 125 жылдыгына арналган “XXI кылым – ЕврАзияда руханий кайра жаралуунун кылымы” аттуу эл аралык форум президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда 8-декабрда Бишкекте өткөн.

XS
SM
MD
LG