Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Ливанда белгилүү депутат өлтүрүлдү.


Бейрут шаарында бүгүн эртең менен террор аракети ишке ашырылып, Ливан парламентинин депутаты жана "Ан-Нахар" деген гезиттин ээси Жубран Туейни курман болду. Шаардын чет жакасы менен баратканда, анын машинеси жарылып кетти жана дагы үч адам өлүп, онго жакын киши жараат алды. Туейни кошуна Сирияны катуу сындап келген жана өмүрүнө кал салуу болорунан коркуп, негизинен чет өлкөдө жашачу. Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Бейрутта өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харири да өлтүрүлгөн жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан өткөрүлгөн тергөө - ага кошуна Сириянын коопсуздук кызматтары катышкан деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG