Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

ЕВРОПАРЛАМЕНТ ЦРУнун ЖАШЫРУУН ТҮРМӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨГҮ МААЛЫМАТТЫ ИЛИКТЕЙТ


Европа парламентиндеги саясий топтордун лидерлери Европанын аймагында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жашыруун түрмөлөрү болушу мүмкүн деген маалыматтар боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү макулдашты. Европарламенттеги негизги саясий фракциялардын баары террорчулукта шектелген адамдарды уурдап кетүүнү, мыйзамсыз кармоону же кыйноого алууну айыпташып, эгер жогорудагы маалыматтар ырасталса, Евробиримдик чара көрүшү керек деп эсептешет.

Европарламенттин курамы жана ыйгарым укугу жаңы жылдан кийин аныкталуучу комиссиясы АКШнын Борбордук чалгын кызматынын Европанын аймагында жашыруун түрмөлөрү бар жана андай жайларга террорчулукта шектелген адамдар алынып келинип, кыйноого кириптер болгон делген маалыматтарды ырасташы же төгүндөшү керек. Жогорудагыдай мүнөздөгү кабарды "Хьюман Райтс Уочт" уюмуна шилтеме берип, алгач америкалык "Вашингтон Пост" гезити өткөн айда жарыялаган эле. Андан бери аталган маселенин айланасында европалык маалымат каражаттарында да көп сөз болду.

Европарламенттин чечимине чейин адам укуктарын коргоо менен алектенген уюму - Европа кеңеши да өз иликтөөсүн жүргүзүп, ЦРУнун жашыруу түрмөлөрү, АКШ террорчулукта шектелген адамдарды уурдап кетип, мыйзамсыз кармаганы тууралуу маалыматтардын негизи бар деген жыйынтыкка келген эле.

Евробиримдиктеги төрагалыгы жыл соңунда аяктап жаткан Британия Страсбургда шаршембиде болгон талкууда аталган маселенин тегерегиндеги карама- каршылыктарды жыйынтыктоого умтулганын көргөздү. Британиянын Европа иштери боюнча министри Александр Дугластын айтымында, эл аралык террорчулукка каршы күрөштө Европадагы өкмөттөрдүн баары АКШ менен кызыкчылыктарды бөлүшөт. Ал белгилегендей, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын өткөн аптада Европада, иш сапар алдында жасаган билдирүүсү Евробиримдиктин расмий өтүнүчүнө берилген жооп катары каралышы керек:

-Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн кеңеши, АКШ Мамлекеттик катчысынын кеңири билдирүүсүн кубаттайт. Европалык өлкөлөрдүн баары Кошмо Штаттардын бейкүнөө адамдарды террордун коркунучунан эл аралык мыйзамдардын алкагында коргоо ниетин тең бөлүшөт.

Соңку ирээт Европага келгенге чейинки жана иш сапары учурундагы билдирүүлөрүндө Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс террорчулукта шектелген адамдар камакта кыйноого алынган деген ырастоолорду так кесе четке кагып, америкалык тергөөчүлөргө дүйнөнүн эч бир жеринде мындай ыкманы колдонууга жол берилбесине ишендирген эле. Бирок Кондолиза Райс ЦРУнун жашыруу түрмөлөрү тууралуу түздөн- түз эч нерсе айткан эмес.

Ал эми Евробиримдиктин укуктук маселелер боюнча комиссары Франко Фраттини өз сөзүндө парламентарийлерди шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырып, террорчулукка каршы күрөштө уюм үчүн АКШ менен тыгыз кызматташуунун стратегиялык маанси бар экенин белгиледи. Террорчулукта шектелип кармалгандарга мамиле жасоонун эрежелери боюнча АКШ администрациясы менен Конгресттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кубаттады.

Европарламентарийлер болсо Страсбургдагы талкуунун жүрүшүндө кыйноодон тышкары мыйзамсыз кармоолор да кабыл алынгыс экенин белгилешти.

Маселен Европарламентин эң ири фракциясы - Элдик партиянын лидери Ганс -Герт Поттерингдин айтымында, Европадан шектүү адамдардын уурдалып кетиши менен келишүүгө болбойт. АКШнын Борбордук чалгын кызматы жашыруун түрмөлөр бар деген маалыматтар боюнча жооп бериши керек.

Ал эми Социалисттердин лидери Мартин Шульцтун пикиринде, эгер Евробиридиктин кайсыл бир өлкөсү АКШга мыйзамсыз иште жардам бергени билинсе, ага каршы санкция киргизүү зарыл. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө АКШ Мамлекеттик катчысынын террорчулукта шектелген адамдарды суракка алууда кыйноо колдонулбайт деген ишендирүүсүнөн күмөн санаган депутаттар да болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG