Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

БАТЫШТА БАКЫТ ИЗДЕГЕН МИГРАНТТАР БАЯНЫ


Венера Сагындык кызы , Прага Теги Ирандык, Америкада жашап иштеген профессор Бехзад Ягмаяндын “Динзарлар арасында” деп аталган жаңы китеби Батышка бакыт издеп барган мусулмандардын башынан өткөнүн баяндайт. Көпчүлүгү өз мекениндеги жумушсуздук, саясий же башка куугунтук, кандуу уруштардан качкан бул мусулмандардын айрымдары Батышта эңсеген эркиндик менен байлыкты тапса, көпчүлүгү тилеги таш каап, чек араларда жана башка жерлерде далай кордук көрүшкөн. Бул китебин жазыш үчүн Ягмаян эки жыл бою Жакынкы Чыгыш менен Европаны кыдырып, мусулман мигранттардын турмуш баянын топтогон.

“Динзарлар арасында” китебиндеги эң аянычтуу каармандардын бири – Ирандык Фаршад аттуу мигрант. Жашы 40тан өтүп калган Фаршад Ирандан адегенде Грецияга качып барып, ал жерде башынан далай азап-тозок өткөргөн соң жакшыраак жашоо издеп, Италияга дарбыз ташып бараткан жүк ташуучу машиненин ичине жашынып бараткан жеринен аба жетпей, деми кысылып кетип каза тапкан. Жазуучу Ягмаян Фаршаддын 40 сааттан ашуун убакыт жолдо көргөн азабын төмөндөгүдөй баяндайт.

- Ушунча мезгил бою ал оозуна суу алган эмес. Жүк ташуучу машиненин артындагы жабык прицепте Фаршад аба жетпей, адам чыдагыс шарттарда жол тарткан. Италияга жеткенде ал эсин жоготуп, эч кимди тааныбай калган экен. Ооруканага жеткирилгенден эки саат өтпөй көз жумган.

Ягмаяндын айтымында, өз ажалын азаптуу жолдо тапкан Фаршаддын окуясы Батышка бакыт издеп барган далай мусулман мигранттардын башынан өткөн. Чоң жүк ташуучу машинелердин айдоочулары акча табуу амалында андай мигранттарды ар түрдүү жолдор менен жашыруун алып өтүүгө барышат. Италияга кетмекчи болгон Фаршад ага чейин 10 жылдай Грецияда туруп, саясий активдүүлүгү үчүн далай жолу сурак берип, бийликтегилердин куугунтугуна кабылганы китепте кенен-кесири баяндалат.

Китепте Болгариядагы мигранттардын кейиштүү акыбалына атайын бөлүм арналган.

- Мен Болгарияда уккан окуялар жүрөктүн үшүн алат. Ал жакта мага жолуккан мигранттар чек арадагы албууттанган иттер жөнүндө айтып жатышты. Андан сырткары бийликтегилер мусулман мигранттардан шектенип, улам суракка алып, абакка отургузуп турат экен. Абакка түшкөндөрдүн баары кыйноого туш болгон. Абактагы уруп-сабоо, ачарчылык жөнүндө мага Болгариядагы ирандыктар, оогандар, африкалыктар айтып беришти, - деп улантат сөзүн профессор Ягмаян.

Андай мигранттардын бири – түрк чек арачылары биздин акчабызды тартып алышкан, ал эми болгарлар уруп-сабашты, түрктөр адамгерчиликтүүрөөк экен деп кошумчалайт. Профессор Ягмаян бул окуялар туурасында кат жазып, Болгариянын бийликтерине кайрылса, алар булардын баары жалган, мигранттардын ойлоп тапканы деп жооп беришкен.

Албетте, Батышта бактысын тапкан мигранттар да жок эмес. Мисалы, Ооганстандык 22 жаштагы Захра – 2001-жылы АКШнын атуулдугун алган 3000дей оогандын бири. 5 жашынан бери үй бүлөсү менен ар кайсыл жерге көчүп отуруп, АКШда туруктуу жай тапкан жаш кыз башына жоолук салынып жүргөн үчүн айрым учурда ислам фундаменталисти деген айыптоого туш болгонун айтат. Анысы аз келгенсип, буту-башыңды жаап жүрбөйсүң деп өзү менен бир мектепте окуган мусулман балдар да күнөөлөгөнү болгон. Азыр Захра Нью-Йорктогу колледждердин биринде окуйт, бош убактысында ошол жердеги ашканада иштейт. “Айрым кардарлар менин жоолукчан, узун көйнөкчөн кебетемди таң калып карап калганы болбосо, башка кыйынчылык деле жок”, - дейт ал “Динзарлар арасында” аттуу китептеги баянында.

Ошентип, Батышка жеңил, байманалуу турмуш издеп барган мусулмандар ар кандай тагдырга туш болушат, андай мигранттардын саны соңку жылдары азайган жок, тескерисинче көбөйүүнүн үстүндө.
XS
SM
MD
LG