Беслан калаада ал жолу 1-сентябрде барымтага алуу болуп, 3-сентябрде
федералдык күч чабуул жазап, үч жүздөн ашуун бала-ата, энелер кырылган.
Андреевдин далилинде мектепти танк, от жалынын каптатчу куралдар менен аткылоодо ФСБнын атайын борборунун жетекчиси Тихонов күнөөлүү делинет. Ал эми мектепте өрттү тез өчүрө албагандыгы үчүн Түндүк Осетия чукулку кырдалдар министрлигинен Борис Дзгоев күнөөлү делинет. Бирок, ошол эле жерде ага жооп айткан Дзгоев өрттү өчүрүү тез жана тыкат болгон деген. Ал жолу барымтага алынып, бирок тирүү кутулган адам болсо барымтадагылардын тирүүлөй күйүшкөнүн өз көзү менен көргөнүн айткан:
«Балдар тирүүлөй өрт жалынына күйө баштады. Жардыруу үнүнөн кулагы кер болгондор менен жарадар болгондор кызылдай өрттүн ичинде калышты. Мен муну өз көзүм менен көрдүм», - деди Беслан апаатынан аман калган тургун.
Федералдык комиссия да Бесландык каранкүндү иликтөө жүргүзүп атат. Орусия жогорку палатасынын төрагасынын орун басары Александр Торшин мурунку күнүн Би-би-сиге айткан маалымдоосунда: «Комиссия алдына койгон максатта - кызматта олтурган кишилер арасынан күнөөлүнү издөө болбойт»деген.
Комиссиянын колунда азыркыга дейре өрт жана жардыруу боюнча экспертизанын жыйынтыгы алына элек. Ошондуктан иликтөө ишинин аякташы кийинки жылда гана болот деген.
Мектеп окуучуларын эне-аталары менен кошо барымтага алган согушуучулар менен болгон сүйлөшүүлөрдө Аушев аркалуу алар саясий талап койгонун Валерий Андреев айтат:
«(Алар – ММ) саясий мүнөздөгү талап коюшкан, бирок ал сүйлөшүүнүн негизи боло албайт болуучу», - дейт мурдагы Түндүк Осетия боюнча ФСБ жетекчиси.
Ал эмне деген саясий талап болгонун «Азаттыктын» Владикавказдагы кабарчысы Юрий Багров айтат:
«Ал саясий талап – Чеченстандан (федералдык күч – ММ) аскерлерин чыгарып кетүү жана Чеченстанга КМШ өлкөлөр деңгээлиндеги эгемендүүлүк берүү болуптур», - дейт.
Түндүк осеnиялык комиссия башында турган Станислав Кесаев да кеткен айдын этегинде коомчулук алдында кеңири билдирүү жазаган. Аны эми федералдык жогорку палатанын чыгара турган жыйынтыгына салыштыруу болот дешет. Азырынча жеме тартипти сактоо органдарына коюлуп келатат жана ал баарыдан мурда «алар алы келбей согушуучуларды мектепке өткөрүп ийишти же байкабай калышты» дешүүдө.
Анализчилер Түндүк Осетияда мынчалык кеңири сот иликтөөсүнүн өтүшүнө «Бесландык энелер» улам нааразылык өткөрүшү түрткү болгонун айтышууда