Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Свердлов районуна жаңы аким дайындалды


БИШКЕК. Өлкө башчысынын 15-декабрдагы буйругуна ылайык Бишкек шаардык Свердлов районунун акими Василий Красильников ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Пайзуллабек Рахманов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 16-декабрда билдиришти.
Пайзуллабек Рахманов буга чейин “Көмүр” ишканасын жетектеп турганда премьер-министрге каршы пикирин билдирген. Ал эми Феликс Кулов Рахмановду кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылган.


Аба ырайы

БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 17-декабрда республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13 градуска чейин суук болот. Күндүз +2...+7 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +7ден...+12 градуска чейин жылыйт.
Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11 градус суук.
Борборубуз Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн
-3...-5 градус суук, ал эми күндүз +9...+11 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор –Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG