Украина менен Орусиянын премьер министрлери ортосунда кечээ күнү Маскөө шаарында өткөн сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады жана Орусиядан Украинага берилген табигый газдын баасы кандай болоору азырынча так белгисиз. Мурда Маскөө газдын ар бир миң куб метрин 50 долларга сатып келген, азыр болсо 230 доллар талап кылууда. Орус өкмөтүнүн айтымында, эгер эки тарап келишимге келбесе, газ Украинага такыр берилбей да калышы мүмкүн.