Израилдин "Ликуд" партиясынын жаңы төрагасы болуп кечээ күнү өлкөнүн мурдагы премьер-министри Бенжамин Нетаньяху шайланды. Партияны негиздеген азыркы премьер Ариел Шарон ноябрда андан чыгып кетип, жаңы кыймыл түзгөн. Өлкөдө март айында кезексиз парламенттик шайло өткөрүлөт жана ага даярдык өтө кызуу өтүп жаткандыктан, Шарон кечээ күнү шашылыш ооруканага да жаткырылды. Доктурлардын айтымында, микроинсульт болгон Шарон ооруканадан бүгүн чыгышы мүмкүн.