Кабул шаарында кечээ күнү Ооганстандын жаңы шайланган парламентинин биринчи жыйыны өткөрүлдү. Депутаттарга өлкөнүн мурдагы падышасы, 91 жаштагы Закир Шах кайрылды жана андан соң жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламент алдында ант берди. Сессияга конок катары АКШнын вице-президенти Дик Чейни да катышты. Парламенттик шайлоо 18-сентябрда өткөрүлгөн, Лойя жырга деп аталган парламентке 249 депутат шайланган, алардын ичинде квота менен шайланган 68 аял да бар.