Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

НЬЮ-ЙОРКТУКТАР ЖӨӨ КАЛДЫ


Америкадагы эң чоң шаарда - Нью-Йоркто коомдук транспорт иштебей турат. Айлык маяналарын жогорулатууну талап кылып,транспорт кызматкерлери иш таштоо өткөрүп жатышат. Метро токтоп, автобустар жүрбөй,адамдар жумушка, базар-учарга жөө-жалаңдап бара баштады. Шаардык бийликтердин эсебинде,күн сайын Нью-Йорк 400 миллион доллар каражаттан айрылууда. Сот иш таштоо акциясын мыйзамсыз деп таанып,ар бир күн үчүн транспорт профсоюзуна бир миллион доллар айып пул салды. “Азаттыктын” кабарчысы Никола Крацев Нью-Йорктун көчөлөрүн кыдырып, шаардыктардын маанай-шаабайын байкап,айрымдарын кепке тартты.

23 жаштагы Фэй Саймон эрте менен иштеген жерине жеткиче жөө-жалаңдап, сегиз чакырым жол басты. Эми ал эки бутуна ишенет.Транспортчулар менен бийликтер сүйлөшүп, эртерээк бир келишим тапса жакшы болот эле, бар үмүт ушунда турат. Ар ким жакшы маяна,жетиштүү оокат үчүн күрөшкөнгө акылуу,бирок иштин баарын минтип кескин токтотуп салган,Саймондун айтымында, дурус эмес.
Транспортчулар профсоюзунун лидери Рожер Тоуссэйнт мындай кадамга арга калбаганда барышканын ырастады. Ал мунун баарын эл туура түшүнүп,байистүү болушун каалайт. Транспортчулар күн-түн дебей жүргүнчүлөрдү тейлеп, башмалдак атып кызмат кылышат.Эми аларды бир ирет колдоп кое турган учур келди.
Нью-Йорктун шаар башчысы Майкл Блуумберг ачкыл-кычкыл сөздөрдөн аянган жок. Анын айтымында, Рожер менен транспорт профсоюздары уят-сыйытсыз чечимге барышты, алар элди ойлогон жок,мыйзамды да сыйлашпады.Блуумберг муну менен профсоюз лидерлери коомдук кызмат деген түшүнүктүн кадырын кетирди деп эсептейт.
Нью-Йоркто 1980-жылы эрте баарда да транспортчулардын забастовкасы чыккан эле. Бул жолу алар кыш кылычын жанып, кылчылдап турган кезде иш ташташты. Бирок шаар тапалаңга түшпөй, баарына байистүү карап, күнүмдүк абыгерчиликтин күүсүндө күр-шар түшүп жашап жатат. Эрте саар же кечке маал кыймыл кычаган маалда деле көчөлөрдө автомашиналардын тыгыны байкалган жок.
Корелас Хити оору-сыркоо,кары-картаң кишилерге каралашкан соопкер кызматта иштейт. Акыйып аны күтүп жаткан карып-мискиндерге жеткени таманы тешилгидей болсо да өтө деле өкүнгөндөй түрү жок. Эрте менен жетиде туруп, эки сааттан бери көчөмө-көчө кыдырып, кардалдарына каралашып жүрөт.Биресе бул да жакшы болду, дейт ал, көчөдө ар түркүн адамдарга жолугасың, көп нерсе көрөсүң, айтор, кызык. Хити транспортчулардын иш таштаганын туура түшүнөт.Аларда да үй-бүлө, бала-бакыра деген бар,айлыгы жетпесе,анан эмне кылышат?
Нью-Йоркто күн сайын жети миллиондон ашуун адам коомдук транспорттун кызматын көрөт. Тармакта 33 миңден ашуун киши иштейт.Эми алар бир нече күндүк зайыр акысынан айрылганга кайыл болуп, иштебей отурушат. Азырынча шаар бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө да ынтаасын билдире элек. Бирок профсоюздардын адвокаттары ортомчулар менен байланышканга аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG