Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:38

ЭКИ ЭКСПЕРИМЕНТТИН НАТЫЙЖАСЫ ПРОФЕССОР ХВАНДЫН АЧЫЛЫШЫН ТАСТЫКТАЙБЫ?


Амирбек Азам улуу, Прага Сеул университетинин профессору Хван Ван Сок илимий изилдөөсүндө атайылап фальсификацияга барганы ашкере болгондон кийин коомчулуктан кечирим сурады жана ээлеген кызматын өз ыктыяры менен кетти. Хвандын клеткаларды клондоштуруу боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын текшерип көргөн анын коллегалары, профессор өткөргөн 11 эксперименттин тогузунда тийиштүү натыйжаны алуу максатында атайылап фальсификацияланган деген тыянакка келишкен эле.

Сеул университетинин профессору Хван Ван Сок май айында өзөк клеткалары боюнча илимий изилдөөсүнүн натыйжасын жарыялагандан кийин Түштүк Кореядагы таанымал инсанга айланган. Илимпоз Сеул университетинин өзү жетектеген борборунда жасалма жол менен адамдын өзөк клеткасын түзүшкөнүн май айында АКШда чыкчу илимий чөйрөдө өтө абройлуу “Сайенс” журналындагы макалада жазып чыккан. Илимий ачылышты пайдаланып, диабет жана Паркинсондун дартына чалдыккан кеселдерди дарылоо мүмкүн болмок.
Бул изилдөөлөр үчүн профессор Хван 2002-жылдан бери Түштүк Кореянын илим жана технология министрлигинен 40 миллион доллар грант алган.

Хванга атак-даңк алып келген экспериментинин жыйынтыгын изилдеген Сеул университетинин атайын комиссиясы жума күнү профессордун илимий ачылышын жокко чыгарышты. Көрсө, профессор 11 эксперимент өткөрүп, анын тогузунун натыйжасын өзү каалагандай өзгөртүп койгон экен. Университетинин изилдөөлөр боюнча директору Ро Ен-хэ айымдын маалымдашынча:

-Биз, азыркы жагдайда, профессор Хван фальцификация жасады деп ойлобуз. Профессор мунусун мойнуна алды жана анын чечимин коллегалары колдошту.

Комиссия иттерди жана адамды клондоштуруу боюнча профессор Хван өткөргөн башка эксперименттер да текшермек болууда.
Профессор Хван калайык журттан кечирим сурап, кызматынан кетип жатканын айтты:

-Мен элимдин тынчын алып, көңүлүн калтырганым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сеул улуттук университетинин профессорлугунан кетүүдөмүн. Бирок, эмбриондон өзөк клеткасын бөлүп алуу бул Түштүк кореялык технология экенин кайра кайталайм. Буга баарыңыздар ынанасыздар. Мекендештеримден кайрадан кечирим сурайм.

Сеулдук профессордун калган эки эксперименти да кылдат текшерүүгө алынабы, азырынча беймаалым.

Профессор Хвангдын өзөк клеткасы боюнча эксперименттеринин натыйжасы натуура деген пикирлер ноябрда биринчи ирет айтылганда да илимпоз өз мекендештеринен кечирим сурап, бардык ырасмий кызматтарынан баш тарткан.
XS
SM
MD
LG