Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

«НЬЮ-ЙОРК ТАЙМСТЫН» ЖУРНАЛИСТТИК ЭТИКАСЫ КАНДАЙ?


«Нью-Йорк Таймс» гезити жакында АКШнын президенти Буштун администрациясы ЦРУга Кошмо Штаттарындагы адамдардын телефон сүйлөшүүсүн тыңшоого көрсөтмө бергендигин жазып чыккан эле. Буш мунун чын экендигин моюнга алып, бирок мындай чара АКШны терроризмден коргоо үчүн керек деп актанган. Бул жаңжал бирок «Таймстын» журналисттик этикасы тууралуу да талаш-тартышты жаратты.

«Нью-Йорк таймс» Буштун администрациясынын былыгын чукуп чыкканы менен, өзү да сынга кабылууда. Көрсө гезит Борбордук Чалгын Кызматына Буштун телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого көрсөтмө бергени тууралуу кабарды Ак Үйдүн өтүнүчү менен бир жылга жашырып келген экен. Бул гезиттин өз кызматкерлери менен катар, саясатчыларды жана жалпы эле маалымат каражаттарынын чөйрөсү бейпайга салды.

Журналисттер өз мекендештерине коркунуч келтирүүчү маалыматтарды жазбаган учурлар сейрек деп айта албайбыз, мисалы согуш учурунда аскерлердин жайгашкан орду тууралуу маалымат адатта басылбайт. Демек «Таймсты» АКШнын патриоту деп эсептешибиз керекпи? «Азаттыктын» кабарчысы кайрылганда, Нью-Йорк университетинин тарых жана саясат таануу профессору Роберт Спитцер бул суроого ишенимдүү жооп бере алган жок:

– «Таймстын» журналисттери өздөрүн "патриот" деп санашаарын айта албайм, бирок бул көндүм болгон көрүнүш. Алар өз ишине абдан сыймыктануу менен карашат, ал тургай өздөрүн башкалардан өйдө санашат. Эгер сиз алардын редакторунан "өкмөттүн айтканы менен болосуңарбы" деп, "маалыматтын чын-төгүнүн тактай алсак, биз аны жарыялайбыз" деп жооп берээри анык, бирок акыркы окуя көрсөткөндөй, бул дайым эле андай эмес.

«Таймстын» жазышынча, Ак үй бул маалымат болочок террористтерге алардын артынан түшүп жатышкандыгын билгизип коет деп айткандан кийин, гезит Буштун ЦРУга көрсөтмөсү тууралуу маалыматты жарыялабай турууну туура тапкан.

Спитцер АКШнын тарыхында маалымат каражаттары бийликти көзөмөлдөгөндөн мурда, аны менен тил табышып кеткен учурлар көп болгон дейт. Буга 1960-жылдары «Нью-Йорк Таймстын» АКШ колдогон кубалык оппозициячыл топтун Кубага кол салышы тууралуу маалыматты жарыялабай койгондугун мисалга келтирүүгө болот.

Мындай мамиле 60-жылдары Вьетнам согушунда Вашингтон америкалык аскерлердин жеңиши тууралуу тескери кабар тарткатып келгендигинин бети ачылгандан кийин өзгөрө баштаган. Ал эми 1970-жылдардагы президент Никсондун отставкасына кириптер кылган Уотергейт жаңжалы ортодогу ажырымды дагы тереңдеткен.

Вашингтондогу Америкалык университеттин журналистика профессору Алисон Шаффер 20-кылымдын 70-жылдары журналисттер өкмөткө ачык сүр көрсөтө баштаганы менен, көп учурда анчейин мааниге ээ болбогон маселелерге басым жасалаарын белгиледи:

– Журналисттер бийликке ишенген тенденция бар экенинде күмөн жок. Адамдар журналистикага өкмөт менен тирешүүнү туура деп эсептегени барышат. Бирок иш жүзүндө Ак Үй басма сөзгө үстөмдүк кылат. Менимче, маалымат каражаттары өздөрү ойлогондон бийликке көбүрөөк баш ийет.

Дагы бир америкалык ири басылма болгон «Вашингтон Пост» Уотергейт жаңжалын чагылдырганы менен жакшы таанымал. Ошол эле убакта жакында бул гезит ЦРУнун Чыгыш Европадагы жашыруун түрмөлөрү тууралуу жазып чыкканда, Буш администрациясы менен кеңешип-таңашып иш кылгандыгын, ошондуктан, чыгыш европалык өлкөлөрдүн кайсылар экендиги аталбай калгандыгын моюнга алды.
XS
SM
MD
LG