Улуттук телерадиокорпорация мурдагысындай эле өкмөттүн колунда калып, анын ордуна Ош облустук «Ош – 300» телерадиокомпаниясы «ЭлТР» компаниясы болуп түзүлүп, ал жалпы республика боюнча берүүлөрүн обого алып чыга баштайт. Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров реформаны аз-аздан жасоо зарылдыгын айтып, жаңы өзгөрүүнүн натыйжасына карап Улуттук телерадиокорпорациясы өзгөрүлө тургандыгын маалымдады.
Жаңы түзүлүп жаткан элдик телекөрсөтүүнүн муктаждыгына эмдиги жылы бюджет эсебинен 16 миллион сом бөлүнмөкчү. Өкмөт башчынын орунбасары коомдук телекөрсөтүү азырынча бюджет эсебинен каржыланып, кийин ага чет элдик, эларалык колдоо көрсөтүүнүн жолдору изделип жатканын маалым кылды. Адахан Мадумаров ириде мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек деп эсептейт.
- Өкмөт эмне иш кылып атат, президент эмне иштерди жасоодо, парлaмент кандай иштердин өтөлүн алууда, кандай токтом, мыйзамдар кабыл алынууда. Ушунун баарын биз калкка жеткирип турууга милдеттүүбүзбү, милдеттүүбүз. Ырас, ошондой болгондон кийин бир гезит керекпи, керек. Бирок ал аша чапкан саясатчыл гезит болбош керек. Ал болгону маалыматты гана жеткирет. Бирдиктүү маалыматты жеткириш үчүн биз ушул жолго барабыз, ал акчаны Кудай буюрса, таап беребиз.
Элдик телекөрсөтүүгө айландырылып жаткан «Ош – 3000» телекөрсөтүүсүнүн мурдагы жетекчиси, учурда Жогорку Кеңештин маалымат кызматын башкарып жаткан журналист Темирбек Токтогазиев жаңы телекөрсөтүүгө бөлүнчү өтөле аз дейт.
- Мен «Ош – 3000» телерадиокомпаниясында директор болуп иштегем. Ошондо ушул маселени мен да көтөргөм. Азырынча «Ош – 3000» базасында коомдук телекөрсөтүү жасайлы дегенбиз. Ошондо биз кетчү чыгымды да эсептегенбиз. Бүт республикага биздин берүүлөрдү таратыш үчүн 43 миллион евро керек экенин эсептеп чыкканбыз. Анан араңдан зорго 1 миллион 525 миң сом араң өндүрүп, ошого 2 киловаттык алып берүүчү жабдуу алып барып Ош шаарына койгонбуз. Аны менен күнүгө Ош шаарына 12 сааттык көрсөтүүлөр чыгып жатат. Жаңы компания республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат деп турат. Мынакей, 2006-жылга республикалык бюджеттин долбоору кабыл алынганы жатат. Бирок ал жерде ага бир тыйын да каралган эмес. Эгер «ЭлТР» КТРдин ичинде болсо ага көз каранды бойдон калат.
Улуттук радионун программалар редакциясынын башчысы Тамара Жаманбаеванын ырасташынча, маалымдоо каражаттарын реформалоо ириде Улуттук телерадиокорпорациядан башталса дурус болмок. Себеп дегенде, жаңы түзүлүп жаткан «ЭлТР» компаниясына салыштырмалуу Улуттук телерадиокорпорациясынын техникалык, чыгармачылык мүмкүнчүлүгү биртоп.
- Эми ал «ЭлТРдин» биртоп маселелери чечилген жок. Эң биринчи 16 миллион сом керек деп атышпайбы. Ал бир жылга иштегендерге эле кетет. Эгерде мамлекеттик телекөрсөтүү менен эркин телекөрсөтүүнүн ортосунда чыгармачылык атаандаштык болот десек, экөөнү бүт республика көрүш керек. Бул маселе чечилген эмес. Менин оюм, реформаны ушул КТРден баштаса болмок.
Өкмөттүн колундагы гезиттердин «Эркинтоодон» башкасы өз алдынчалыкка өтүп, акционердик коомдорго айланып чыга келишет. «Медиаөкүл» институтунун жетекчиси Шамарал Майчиевдин айтуусунда, арбын киреше алып келе албаган басма сөз каражаттарынын акциясы баалуу кагаздар базарында анча деле бааланбайт .
- Тилекке каршы, бизде маалымдоо каражаттарын реформалоонун концепциясы жок. Бир жарым ай убакыт өткөндөн кийин парламент депутаттары КТР тууралуу мыйзам кабыл алышы мүмкүн. Анда реформалоонун механизми көрсөтүлүшү ыктымал. Андай болгондо мыйзам президенттин жарлыгына кайчы келет. Кайра дагы түшүнүксүз жагдай, же реформа эмес, же башка эмес бир нерсе түзүлүшү мүмкүн.
Маалымдоо каражаттарын реформалоо тууралуу кыйладан бери эле кеп болуп келатат. Өкмөт бул ирет облустук, республикалык гезиттерди өз алдынчалыкка чыгарып, «Эркинтоо» гезитин расмий маалыматтарды таратуучу басылма катары каржылап турууну көздөөдө. Ош облустук телекөрсөтүүнүн негизинде түзүлүп жаткан жаңы канал мамлекеттик маалымдоо каражатына атаандаш боло алабы же жокпу, аны мезгил көрсөтөт.