Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Путин менен Ющенко газ проблемасын талкуулады


Орусия менен Украинанын президенттери эки өлкө ортосундагы газдын баасы боюнча талаштуу маселени телефон аркылуу талкуулашты. Андан кийин Юшенконун кеңсеси тараткан маалыматта бүгүн Украинанын отун жана энергетика министри Иван Плачков Москвага бараары айтылат. Шейшембиде Украин премьери Юрий Ехануров Украина Орусиялык газды Европага ташып өткөргөнү үчүн көгүлтүр оттун 15%ын өзүнө алууга укуктуу деп билдирди. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Киевди эскертти. “Мурдагы Советтер Союзунун Кара деңиз флотун бөлүп алуу жөнүндөгү Орусия-Украина ортосунда түзүлгөн келишим бар, ал боюнча эки өлкөнүн чек аралары таанылган. Эгерде Киев ал келишимди кайра карап чыгам десе, иш чатакка айланат”, - деди министр Иванов. Орусия жаңы жылдан тарта Украинага газдын баасын 4 эседен көбүрөөк кымбат баада сунуш кылууда, Киев андай баага акырындап өтүү керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG