Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Президент жетим балдар үйлөрүнүн жетекчилеринин арыз-муңун укту


БИШКЕК. Жаңы жыл алдында 2380 бала жалпы суммасы 7 млн. сомдук эмерек, кийим-кечек менен камсыз болот. 640 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы белекке берилет. Келерки жылдын бюджетинде социалдык маселелерди чечүү максатына каралган каражат көбөйтүлгөн. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 29-декабрда мектеп-интернат жана жетим балдар үйлөрүнүн жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.
Өткөн кылымдын 31-жылдары түптөлгөн Үчкоргон балдар үйүнүн директору Татьяна Сафонова буга чейин бир дагы мамлекет башчысы жетим балдар үйлөрүнүн жетекчилерин кабыл албаганын белгиледи. Анын айтымында, учурда балдар үйлөрү оңдоп-түзөөгө муктаж,турмуш-тиричилик техникалары совет биримдигинен бери бир дагы жаңыртылган эмес.

XS
SM
MD
LG