Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Мамлекеттик бюджет келерки жылы каралат


БИШКЕК. 2005-жылдын бюджети тууралуу мыйзамга олуттуу дегидей өзгөрүүлөрдүн болуп кеткенин өкмөт жыл тогошор алдында, 30-декабрдагы парламенттик жыйында ачыкка чыгарды. 24-марттагы бийлик алмашуусунан аз өтпөй президент милдетин аткаруучунун жарлыгы менен ички иштер кызматкерлерине, андан кийин биртоп бюджеттик мекеме кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулаткан. Бюджет тууралуу мыйзамга кайчы келген мындай аракет парламентте кызуу талашты жаратты. Депутаттар 15 жылдан бери кайталанып келаткан жосунду токтотуп, өкмөт мындан ары мыйзамдык негизде иштөөсүн талап кылышты. Кызуу талаштан кийин депутаттатар жаңы мыйзам долбоорун бекитишти.

XS
SM
MD
LG