Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

УОКтун төрагасы ким болот?


БИШКЕК. Улуттук олимпиада комитетинин жаны курамы Бишкекте 5-январда боло турган конференцияда аныкталмакчы. Жыйында комитеттин жаңы уставын бекитүү, жаны курамын шайлоо сыяктуу маселелер каралат. Ошондой эле комитеттин жаңы президенти жана жетекчи курамы шайланат.

Аталган комитеттин уставынын жаны редакциясы эл аралык олимпиада комитети тарабынан жактырылды. Андагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири - республикада иштеп жаткан спорттун олимпиадалык түрлөрү федерацияларынын жетекчилери да улуттук олимпиада комитетине мүчө боло алышат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Генрих Балян жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетин узак жылдар бою белгилүү спортчу Эшим Кутманалиев башкарып келген. 2003-жылы аны экс-президенттин уулу Айдар Акаев алмаштырган. Өткөн жылдагы март ынкылабынан кийин бул орунга кайра Эшим Кутманалиев келип, көп өтпөй комитет төрагалына депутат Баяман Эркинбаев шайланган. 2005-жылдын сентябрь айында Баяман Эркинбаев атылып өлтүрүлгөндөн бери бул орун бош турат.

XS
SM
MD
LG