Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:26

Президенттин бир туугандары кызматка коюлганына сын айтыла баштады


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Адыл Бакиев Кытайга соода өкүлү болуп кетти, деп билдирди 6-январда “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов:

-Адыл Бакиев Кытайга соода өкүлү болуп кетти. Бизде Кыргызстанда мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам бар. Ага ылайык Марат Бакиев дагы, Адыл Бакиев дагы Курманбек Салиевич турганда андай кызматка барбаш керек болчу. Бул этикалык жагынан да, юридикалык жагынан да туура эмес.

Адыл Бакиев өткөн жылы декабрь айында Кытайга соода өкүлү болуп кеткенин “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр боюнча департаментинин бөлүм башчысы Канайым Бактыгулова ырастады.

Өткөн жылы президенттин иниси Марат Бакиев Германияга элчи болуп кеткен. Дагы бир иниси Жаныбек Бакиев Ички иштер министрлигинин алдындагы транспорт боюнча ички иштер башкармалыгын жетектейт. Ал эми Жусуп Бакиев жакында Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү агенттигинин аткаруу директорунун орун басары болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG