БИШКЕК.. Бул тууралуу Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга президент курманбек Бакиев кол койду. Бул мыйзамда “Адам сатуу” деп аталган беренеге тактоолор киригизилип, анын белгилери көбөйтүлүп, жаза мөөнөттөрү такталды. Ошондой эле бул мыйзам аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондор кылмыш жообунан кутулду. Эксперттердин болжолунда, Кыргызстандан жылыга чет мамлекеттерге 4-5 миңдей адам сатылат.