Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

ОРУСИЯ ТҮРКИЯГА БАРГАНДАН БАШ ТАРТУУГА КАЛКЫНА ЧАКЫРЫК ТАШТАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Куш тумоосунун кишиге жугушу Түркияда катталган. Азырынча андай дарт менен ооруган 9 кишинин дареги айтылууда. Жумурият боюнча алганда ал ооруга чалдыгып доктурга түшкөн кишилер эсеби ондоп саналары айтылууда. Эмдигиче куш тумоосу аталган ал оорунун кишиден кишиге жугушу тактала элек. Алдын ала жыйынтыкка караганда, Түркияда бул оорудан каза болгондор аны үй канаттууларынан жугузуп алышкан. Орусиянын башкы санитардык доктуру Геннадий Онищенко жекшембиде орусиялыктарды Түркияга баруудан баш тарткыла деп чакырык таштады.

Куш тумоосунун кишиге жугушу Түркияда катталган. Азырынча андай дарт менен ооруган 9 кишинин дареги айтылууда. Жумурият боюнча алганда ал ооруга чалдыгып доктурга түшкөн кишилер эсеби ондоп саналары айтылууда. Эмдигиче куш тумоосу аталган ал оорунун кишиден кишиге жугушу тактала элек. Алдын ала жазалган жыйынтыкка караганда, Түркияда ал оорудан каза болгондор, үй канаттууларынан жугузуп алышкан. Орусиянын башкы санитардык доктуру Геннадий Онищенко жекшембиде орусиялыктарды Түркияга баруудан баш тарткыла деп чакырык таштады.

Түркияда орун алган куш тумоосунан улам Орусияда көрүлүп аткан чаралар менен кабарчыбыз Муса Мураталиев кененирээк тааныштырат


Content: Орусияда жекшембиде башкы санитардык доктур Геннадий Онищенко орусиялыктарды Түркияга барбагыла деген чакырык таштады:

-Кечөө мен тарптан орусиялыктарга Түркиянын куш тумоосу чыккан провинцияларына баруудан баш тарткыла деген кайрылуу жаcалды, - деди Онищенко.

Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында ал тумоо үч баланын жанын алып кеткенден тартып, бул жактагы кыргыз боордошторубуз мекендеген Улуу Памир айылы эстен кетпечү болду. Эмне дегенде, буга дейре алыскы Түштүк-Чыгыш Азияда пайда болгон куш тумоосу азыркыга дейре дарысы табыла элек илдет болууда. Ага кабылган киши мерт болууда. Мына ошол дабасына дары табыла элек дарттын Батышка босого болгон Стамбул менен Анкарада катталышы кыйла өлкө жарандарын үрпөңдөтүп салгандай.

H5N1 вирусу кеткен жылда орусиялык ондогон айыл-кыштактарда жойлосо да анын кишиге жугушу катталган эмес. Азыр ал Түркияда кишиге жугушу ким-кимди чочутуп салды дешет. Бирок Орусиялык туристтик биримдикте Түркияга эс алганы бара жаткандар аягы үзүлбөй «ал дартты, куду өнөкөтсүз өпкө оорусу сыяктуу карап, болбой эле кетип атышканын» жашырбайт.

Туристик индустрия биримдиги өкүлү Ирина Тюрина айтканга караганда бийликтин тыюу салышы - Түркияга барам дегенди токтотуп кое албайт:

-Башкы санитардык доктурдун сунушу ошол сунуш боюнча калат. Ал жакка селдей аккан (туристтерге – ММ) анын таасири болбошуна көзүм жетет. Анын үстүнө куш тумоосу курорттук аймактарда болгон жок да, - деген биздин кабарчыга айткан жообунда.

Анализчилер баамында орусиялыктардын эки деңиз ортосунда жаткан өлкөнүн курортторуна барып эс алып келүүнү артык көрүшү, баарындан мурда, түрктөрдүн кийинки он жылдар ичи болуп көрбөгөндөй меймандостук индустриясын куруп чыгышынан улам болуп аткан иш. Чет элдиктерге визасы жок ал өлкөгө кирүүгө мүмкүндүк берүү, бажылык алакетте ыкчам жана так иш уюштуруу орусиялыктарды кыныктырып койду дешет. Чартер менен товар тартып келүүдө болгон жеңилдик советтик кезден бошонгон орусиялыктарды ого бетер жакын кылып салган дешет.

РИА Новости агенттиги жазганга караганда «Түркияда куш тумоосу чыкканга дейре эле быйыл бир жарым миллион орусиялыктар ал өлкөнүн курортторуна барып эс алуу үчүн даярдык көрүүдө».

Өз мекенинде кыйла эс алуучу жайлары бар экенине карабай тейлөөсү батыштыкынан кем калбаган Түркия курортторуна барып эс алуу орусиялыктар арасында биринчи орунга чыккан. Анкара 2004-жылы туризмден өлкө казнасына 16 миллиард доллар өлчөмдө киреше тапкан.

Орусия бийлиги куш тумоосу чыккан Түркиядан келген жүргүнчүлөр үстүнөн санитардык кароону күчөтө тургандыгын билдирди.

2003-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмесине алынган 70 кишинин баары тең ал тумоого кабылып, бирок аны айыктыруу мүмкүн болбогондуктан кайтыш болушкан.

XS
SM
MD
LG