Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Өзбек качкындарынын тагдыры баш прокуратуранын колунда


БИШКЕК. Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагындагы өзбекстандык 5 атуулдун өз өлкөсүнө кайтарылышы же кайтарылбашы тууралуу маселе Тышкы иштер министрлигинин иши эмес. Бул боюнча Башкы прокуратура мыйзамдын чегинде өзүнүн чечимин чыгарат, деп билдирди Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов “Азаттыкка”:

-Башкы прокуратура мыйзамдын негизинде Кыргызстандын кандай келишимдери, милдеттенмелери бар, ошонун алкагында чечиши керек. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги же башка министрлик өз позициясын айтууга туура болбойт го. Менин билишимче буга байланыштуу сот болду. Соттун негизинде качкын катары берилбесин деген ортодогу чечим чыкты. Акырында Жогорку сотко барып, ошол жерде маселе чечилет го,-деди Тышкы Иштер министринин орун басары Аскар Бешимов.

Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы Оштогу убактылуу тергөө абагында кармалып турган 5 качкынды Өзбекстанга кайтарууну токтото турууга кыргыз бийлигин чакырган. Ушундай эле кайрылууну кыргыз бийлигине буга чейин
эл аралык Хюман райтс уюму да жасаган.

XS
SM
MD
LG