Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Евробиримдик куш тумоосуна каршы күрөшүү үчүн 100 миллион доллар бөлүп берет.


Эмки жумада Кытайда донор-мамлекеттердин өкүлдөрү чогулуп, куш тумоосуна каршы чараларды көрүү маселесин талкуулашмакчы. Аны утурлай, Европа биримдиги вирус менен күрөшүү үчүн 100 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу жарыялады.
Анын аралыгында,Швейцариянын “Рош”компаниясы “Тамифлу” дарысынын бир нече партиясын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна бекер берүүгө даяр экенин ырастады. Аталган дары куштардын тумоосуна чалдыккандарды дарылоодо колдонуп келатат. Буга чейин фирма уюмга чукул кырдаалдар үчүн дарынын 30 миллион капсуласын бөлүп берген эле.
Токиодо болсо куш тумоосунун пандемиясын алдын алуу боюнча эларалык конференция уланып жатат.
Дүйнө боюнча кооптуу вирус 80ге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Окумуштуулардын ырастоосунда, илдет адамдан адамга жугат деген далилдер азырынча жок.

XS
SM
MD
LG