Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Баш прокурор Камбаралы Конгантиев: «МАМЛЕКЕТТЕ ТАРТИП БОЛМОЮНЧА, ЖЕКЕ АДАМДЫН УКУГУН КОРГОО КЫЙЫН»


Кыргызстандын баш прокурору Камбаралы Конгантиев мамлекетти жолдон тайдырууга жана реформаларды токтотууга аракет жасаган айрым бир саясий топтор өлкөнү президенттик-парламенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөрүү жөнүндө бейнегиз маселе көтөрүп жатканын билдирүүдө. Бул жөнүндө баш прокурор Чүй облусунун Ысыката районунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө баса белгилеген.

Камбаралы Конгантиевдин сөзү боюнча, 2005-жылы башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен мамлекеттик бюджетке 33,4 млн сом кайтарылып берилген. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында да бир топ иш алып барган. Башкы прокурордун маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин киши колдуу болуп өлгөн депутаттары Баяман Эркинбаев менен Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштери аягына чыгарылганы турат.


Башкы прокурор ошондой эле азыркы учурда өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө кызыкдар болуп жаткан саясий күчтөр да пайда болуп жаткандыгын белгилеп кетти. Анын айтымында, парламенттик башкаруу системасына өтүүгө азырынча кыргызстандыктар даяр эмес, ал эми буга окшогон демилгелерди жетекчилик орундарына жетпей калган, бийликке таарынычы бар адамдар чыгарууда:

-Бүгүнкү күндө өлкөдө коомдук-саясий кырдаал тынчыды деп айтууга мүмкүн болуп, бардык күчтү экономиканы өнүктүрүүгө жумшай турган мезгилде, мамлекетти жолдон тайдырууга жана реформаларды токтотууга аракет жасаган
айрым бир саясий топтор жана алардын жетекчилери пайда болду. Алардын негизги чакырыгы-өлкөнү президенттик-парламенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөрүү болуп жатат. Бүгүн мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү тууралуу маселе көтөрүүгө болобу? Бул айрым бир жетекчилик орунга жетпей калган же мурдагы бийлигин жана байлыгын кайтарып алууну көздөгөн адамдарга гана керек.


Камбаралы Конгантиевге берилген суроолор негизинен адам укугунун айланасында болду. Ысык-Ата районунун тургуну Эгемебердиев баш прокурордон мамлекет башчыларынын жана башка чиновниктердин эмес, карапайым адамдардын укугун коргоп берүүнү өтүндү:


-Мындан ары карапайым адамдар көчөдө күн болобу, түн болобу тынч басып, оокат кылуусуна биздин мамлекет башчыларынын, күч органдарынын күчү жетеби? Сиздер жогорку бийлик адамдарынын эмес, биздей жөнөкөй адамдардын тынччылыгын коргоп берсеңиздер.

Баш прокурор адам укугун коргоо маселеси негизги маселелерден экендигин, бирок мамлекетте тартип болмоюнча, жеке адамдын укугун жана эркиндигин коргоого мүмкүн эмес экендигин белгиледи:

-Ар бирибиз биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек стабилдүүлүктү. Азыр жөнү жок саясатты минип, чапкылап жүргөндөр көп. Бирок саясат менен элдин курсагы тойбойт да. Биздин мамлекетибизге, жарандык коомго темирдей тартип керек. Бизде демократия бар. Бирок мамлекетте тартип болмоюнча, жеке адамдын укугун, эркиндигин коргоо да кыйын болуп баратат.

Ошондой эле жолугушууда башкы прокурорго Кант цемент заводунун айланасындагы көйгөйлөр тууралуу да суроолор берилди. Кант цемент-шифер заводунун жумушчусу Бойчук заводдун мүлкү камактан качан алынаарын сурады. Анын сөзү боюнча, мындай шартта заводдун ишин алдыга жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат:

-Бүгүнкү күндө завод оор акыбалда турат. Бизге иш алып баруу үчүн тийиштүү материалдар керек. Анткени бизге керектүү материалдардын көпчүлүгү бизде чыгарылбайт. Алардын көпчүлүгү Казакстанда. Ал эми заводдун мүлкүнө салынган арест биздин ийгиликтүү иш алып баруубузга тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, биз иштешибиз үчүн бизге жардам бериңиз.

Башкы прокурордун берген жообу боюнча, Кант цемент-шифер заводунун 64, 47% акциясы жана заводго тиешелүү техниканын негизги бөлүгү Казакстандык ишкерлердин колунда. Эгерде заводдун мүлкүн камактан алып салган учурда ошол техника Казакстандан келбей калуусу мүмкүн. Ошондуктан, азырынча Казакстан тараптан техникаларды кайтарып берүүгө милдеттенген кат болмоюнча, заводдун мүлкүн камактан бошотууга мүмкүн эмес.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин айтымында, ал мындан ары республиканын башка аймактарынын жашоочулары менен да жолугушууну көздөөдө жана мындай жолугушуулар башкы прокурордун иш тартибиндеги салт болуп калмакчы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG