Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Кыргызстандык зыяратчыларга жол ачып берүү туралуу Түркмөнстанга нота жолдонду


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркмөнстандын тышкы саясий мекемесине жолдогон нотада Меккеден кайткан кыргызстандык зыяратчыларга Түркмөнстандын аймагынан өтүүгө уруксат берүү маселесин чечүү суралган. Зыяратчылар сапарга чыгаар алдында да Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстанга ушундай эле маселе менен кайрылган. Бирок андан натыйжа болгон эмес. Түркмөн тарап болгону 500 жүз зыяратчыга, анда да күнүнө жүздөн гана зыяратчынын өтүүсүнө уруксат берген. Мындай шарт кыргыз тарапты канааттандырбагандыктан, ажылык сапарга автобус менен чыккан 3400 кыргызстандык зыяратчы Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Азербайжан жана башка өлкөлөр аркылуу кетишкен. Эгер Түркмөнстандын аймагынан өтүү маселеси чечилсе, анда Мекеден кайткан зыяратчылардын сапары 900 чакырымга, же эки күндөй убакытка кыскарат. Бул тууралуу «Азаттыкка» тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков 14-январда билдирди.

XS
SM
MD
LG