Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Ош шаарындагы хизбут-тахрирчинин үйүнөн мыйзамсыз буюм табылды


ОШ. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыковдун маалыматына караганда, кармалган "Хизб-ут Тахрир уюмунун" лидерлеринин бири Маруф Хазимовдун үйүнөн “Макаров” тапанчасынын 30 огу, диний-экстремисттик мүнөздөгү эки аудио, эки видео кассета жана эки компак диск табылган. Маруф Хазимовго мыйзамсыз окторду сактаган жана диний касыкты жайылтууга аракеттенген деген негизде кылмыш жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду. Марух Хазимов өзү Азаттыктын кабарчысына байланышка чыгып, анын али кармала электигин, бирок Курман айт майрамындагы кайрымдуулук иштерди уюштургандыгы үчүн жасалма түрдө укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG