Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Ооганстанда кол салуудан жыйырмадан ашуун адамдын өмүрү кыйылды


Кандагар провинциясынын аймагындагы эки кол салуу үчүн тең Талибан кыймылы жоопкер болду. Провинциянын губернатору Асадулла Халиддин айтымында, Пакистан чек арасына жакын Спин -Болдак шаарындагы жарылуудан 20 адам өлүп, дагы 20дайы жаракат алган. Жардырууну күрөш мелдешин көрүп отурган адамдардын арасынан жанкечти жасады. Бирок Талибандын өкүлүнүн билдиргенине караганда, бул жерде аралыктан башкарылган бомба жардырылган. Мындан бир сааттан кийин провинция борбору Кандагарда ооган армиясынын автооунасы жардырылып, андан үч аскер каза таап, эки адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG