Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Парламентти таратуу үчүн жетиштүү кол топтолгон жок


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев баштаган демилгелүү топ парламентти таратуу боюнча референдум өткөрүү үчүн 300 миң атуулдун колун чогулта алган жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 17-январдагы маалымат жыйынында билдирди:

- 12-декабрда Топчубек Тургуналиев топтолгон колдорду алып келди. Бирок 100 миң 258 эле кол топтолуптур. Тиешелүү 300 миң кол топтолбогондуктан мындай демилге БШК тарабынан колдоого алынган жок.

«Эркиндик» партиясы парламенти таратуу боюнча кол топтоону өткөн жайда баштап, чогулган колдорду Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. БШК демигелүү топ юстиция министрлигинен катталбаганына негиздеп, чогулган колду мыйзамсыз деп тапкан соң кайрадан кол топтоо жүргүзүлгөн.

Партиялык иш менен учурда Баткен облусунда жүргөн Топчубек Тургуналиев БШКнын чечими жакын арада каралаарын, «Эркиндик» партиясы парламентти таратуу демилгесинен баш тартпастыгын ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди:

- Кол топтоо тозок болду, тозокту тозок кылган БШКнын туура эмес чечими болду. Кийинкисинде 100 миңден ашуун адамдын колун тапшырдык. Паспорттук сериясы менен гана топтолгондорун, беркилерин алган жок. БШК чечимин биз жакын арада карайбыз. «Эркиндик» партиясы Жогорку Кеңешти таратуу маселесинен эч качан баш тартпайт.

XS
SM
MD
LG